Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Орусия, Иран жана Сирия делегацияларын Астанадагы жолугушуулары.

Астана сүйлөшүүлөрүндөгү Сириянын өкүлү сириялык делегация Иран жана Орусия делегациялары менен жолугушуу өткөргөнүн билдирген. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын “Альахбария” телеканалы Башар аль Жаафари Астанадагы кабарчыларга үч тараптуу жолугушуу ийгиликтүү өтүп, кийинки отурумга карата биргелешкен даярдыктар боюнча талкуу болгонун кабарлаган.
Орусия делегациясы: “Сирия оппозиционерлери өз сунуштарын биз менен ортого салышкан жок.” Орусиянын Спутник агенттиги Орусия делегациясы сириялык оппозицонерлердин сунуштарынан кабарсыз калганын жана алар Астана отурумунда байланышпаганын билдирген.
Сирия оппозициясы согуш учактары Сирия аба мейкиндиктерине кирүүсүнө тыюу салуунун талап кылышкан.
“Альжазийра” телеканалынын маалыматына ылайык, Астана сүйлөшүүлөрүндөгү сириялык оппозияциянын сунуштоо пункттарынын ичинде; Сирия аба мейкиндиктеринде согуш учактарына кирүүгө тыюу салуу жана ИШИМден бошотулган аймактар бошотуучулардын карамагында калуу талаптары болгон.
Ал эми Рейтердин маалыматында сириялык куралчан оппозицонерлер Астанадагы ок атуунун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр бекемделүүсү үчүн өздөрүнүн “техникалык эксперттерин” жиберишерин кабарлашкан.