Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Лахордогу жардыруудан 13 киши көз жумуп, 82 жаракат алды

Пакистандын Лахор шаарынын аймагында дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда кеминде 82 киши жаракат алды. Бул туурасында Франсс Пресс агенттиги жазды. Буга чейин жаракат алгандардын саны 69 деп айтылган. Ал эми тастыкталбаган маалыматтарга караганда мерт кеткендердин саны 13-16 болушу ыктымал.

Жардыруу Лахордогу Чэрринг Кросс майданына жакын жерде болгон. Ал учурда дары-дармек саясатына карата киргизилген өзгөртүүлөргө каршы тарап митинг уюштуруп жаткан. Анда фармацевтикалык компанияларынын өкүлдөрү, адистер жана дарыкана иштеткен кишилер чогулган.

Маалыматка караганда көз жумгандардын арасында шаардык полиция кызматынын кызматкерлери да бар.

Ал эми Рейтер агенттиги азырынча жардырууну Талибан радикал уюмунун “Жамаат-ур-Ахрор” тобу жоопкерчилигине алгандыгын жазды.