Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Исламабадда «Валентин күнүн» белгилөөгө тыюу салынды

Исламабаддын Жогорку соту борбор шаарда Валентин күнүн белгилөөгө тыюу салды.

Маалыматта айтылгандай, сот мамлекеттик жана коомдук жайларда фестиваль, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарында да бул күндү жарнамалоого жана чагылдырууга болбойт. Мындай чечим өлкөдө жарыяланган петициянын негизинде кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдарда бул майрам өлкөдө жаштар арасында кызуу майрамдалып калган. Буга чейин өлкө башчы Мамнун Хусейн бул кундү майрамдоо Пакистандын салтына туура келбестигин айткан.