Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Швецияда качкындарга жардам берген журналисттер коомдук ишке кесилди

Фредрик Энневалль кесиптештери менен биргеликте сириялык өспүрүмдү өлкөгө мыйзамсыз алып кирген.
Швециянын Мальмё шаарынын соту STV телеканалынын кабарчысы Фредрик Энневалль менен анын оператору жана котормочусун сириялык өспүрүм качкынга жардам бергени үчүн коомдук ишке кести. Бул тууралуу РИА Новости SVT каналына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, кесиптештер сириялык өспүрүмдү өлкөгө мыйзамсыз алып киришкен. © AFP / DIMITAR DILKOFF Эгер журналист кесиптештери менен биргеликте соттун чечимин аткаруудан баш тартса, жаза эки айлык абак менен алмаштырылышы мүмкүн. 15 жаштагы өспүрүмдү Грециядан Швецияга көчүрүү үчүн 2014-жылы тартуу тобу жардам бергенин Энневалль өзү тарткан тасмада ачык айткан. Журналисттин айтымында, качкын бала Швецияга абдан кооптуу жол менен жетүүнү пландап жаткан. Абед азыр 17 жашта. Ал Швецияда жашап, окуйт. Үй-бүлөсү дагы баланын жанына келип алган.