Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Түркиялык хакер Америкада кибер уурулук үчүн сегиз жылга кесилди

Киберууру былтыркы жылдын март айында бир канча айып тагылгандан кийин күнөөсүн мойнуна алган.
Нью-Йорк шаарынын соту түркиялык хакер Эркан Финдикоглуну кибер уурулугу үчүн сегиз жылга кести. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. © REUTERS / Финдикоглунун америкалык банкоматтардан шыпырган акчасы 55 миллион долларга жакын экени айтылды. Киберууру былтыркы жылдын март айында бир канча айып тагылгандан кийин күнөөсүн мойнуна алган. Прокурордун айтымында, айып тагылып жаткан түркиялык жаран лидерлик кылган бул уурулук киберчөйрөнүн арасында "өтө ийгиликтүү" жасалган деп эсептелинет. Кредиттик жана процессинг фирмаларынын компьютерлерине кирүүгө мүмкүнчүлүк алган бул топ аны менен катар эле банкоматтардан акчаларды чыгарып кетип жүрүшкөн.