Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран Ислам Ыңкылабынын 38 жылдыгына карата миллиондогон ирандыктардын демонстрациялары

Бүгүн Тегеранда жана Ирандын миңдеген башка шаарларында жергиликтүү саат 10:00дон баштап миллиондогон тургундар Иран Ислам Ыңкылабынын жеңишинин 38 жылдыгын белгилөө максатында демонстрацияларга чыгышты.
Ирандын борбор калаасындагы даңазалуу парад миллиондогондордун катышуусунда 10 багытта өтүп, “Азаттык” майданына агылып келди. Демонстарцияга катышкандар бир үндөн “Эгемендүүлүк, эркиндик, Ислам республикасы” деген ураандарды чакырып жатышты. 22-бахман ( ИИЫнын күнү) бул- эгемендүүлүктүн, Иран мусулмандарынын гүлдөгөн туу чокусу, эркиндиктин белгиси. Бул күнү Ирандын бирдиктүү эли дагы бир ирет ИИЫнын душмандарына өздөрүнүн сак жана акыркы тамчы кандары калмайынча өлкөсүн коргоого даяр экенини айтуу үчүн чыгышты. Ирандын Улуу Урматтуу руханий жетекчиси Саидали Хаменеи мурдарак Иран эли 22- бахманда Американын коркутууларына карата жооп кайтарарын билдирген эле. Иран элинин миллиондогондор катышкан улуу демонстрациясын 230 жураналист, алардын ичинде дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келишкен чет өлкөлүк МКынын кабарчылары чагылдырып баяндашмакчы. Андан соң, Иран президенти Хасан Рухани “Азаттык” майданында чогулган элдин алдында чыгып сүйлөмөкчү.
22 бахмандын майрамдык аземинин расмий бөлүгүнүн аягында атайын резолюция кабыл алынмакчы. Бул күнгө карата жүздөгөн чет өлкөлүк меймандар алардын ичинде аалымдар, саясий ишмерлер, европалык таасирлүү аткаминерлер мейман катары Иранга келишкен.