Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Арабстандын Йеменге кол салууларынан 12 миң адам курман болду

ISNA агенттиги “Альахд” маалыматына таянып кабарлайт: Йемендин инсан укуктарын коргоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, ушул өлкөгө согуш башталганына эки жылдай болду. Андан бери согуштун кесепетинен 12 миңдей адам курман болгон. Тагыраак айтканда 680 согушуу күндөн тартып, 11929 йемендик, алардын ичинде 4398 аял жана бала чакалар курман болушкан. Мындан тышкары 19885 жарадар, алардан 4272 аял жана бала- чакалар. Арабстан бирикмесинен турган агрессорлор бул мезгилдин ичинде 15 аэропорт, 14 дарыя портторду, 274 суу тармактарын камсыздоочу жайларды, 159 электростанция, 267 ишкана, 308 күйүүчү май кампасын, 232 мунай чыгаруучу жайларды бомбалашкан. Бул коалиция ошондой эле 5457 соода борборлорун, 653 азык- түлүк кампасын, 527 соода эмеректерин, 1489 жол- көпүрөлөрдү, 1595 өкмөттүк борборлорду, 269 ооруканаларды, 11 ЖОЖду, 751 мектептерди, 401831 үй турактарды, 705 мечитти, 205 сейил парктарын, 101 спорт комплексин жана 25 МКанын борборлорун бомбалап талкалашкан.