Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран аскердик машыгуу өткөрүүдө

Иран ракеталык жана радиолокациялык системаларынын даярдыгын текшерүү үчүн аскердик машыгууларды өткөрүүдө. Иран бул машыгууларды АКШ бул өлкөгө карата жаңы санкцияларды жарыялангандын эртеси өткөрүүдө.

Ирандын Ыңкылап сакчылары кеңешинин расмий сайтында кабарлангандай, Самнен аймагындагы машыгуулар Вашингтондун “басмырлоо санкцияларына” жооп катары ар кандай коркунучтарга даяр экенин көрсөтүү үчүн уюштурулду.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары машыгууга ракеталык комплекстер, радиолокациялык станция жана борбордон башкарылган заманбап аскердик техникалар катышып жатканын маалымдады.

Иран менен АКШнын мамилеси Дональд Трамп президенттикке киришкен соң начарлаган.

3-февралда АКШнын Финансы министрлиги Иран менен байланышы бар 13 кишиге жана 12 компанияга каршы санкция киргизген.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран ракеталык сыноолорду токтотпосо конкреттүү чараларга барарын эскерткен.