Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Зариф Трамптын коркутуу маанайындагы билдирүүсүнө жооп берди

Ирандын тышкы иштер министри Америка президентинин Иранга карата коркутуу маанайындагы твитине мындай деп жооп жазган: “Иранды коркутуп үркүтүүнүн пайдасы жок, анткени биздин коопсуздугубуз биздин элде.” Tasnim агенттигинин тышкы саясат тобу кабарлайт: Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Америка президентинин өз твиттеринде жазган Иранга каршы сөздөрүнө мындай жооп жазган:
"Коркутуулар Иранга таасир этпейт. Биздин коопсуздугубуз- биздин элибиз. Биз эч убакта согуш баштоочулардан болбойбуз. Бирок, коргонуу максатында өз куралдарыбыздан пайдалана алабыз." Эскерте кетсек, Дональд Трамп өзүнүн Twitter баракчасында Иран тууралуу жазып, "мен Обамага окшош мээримдүү эмесмин, Иран от менен ойноп жатат", деп билдирген эле.