Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Тереза Мэй мусулмандардын хижабга укуктуулугун колдоду

Улуу Британиянын премьер- министри мусулман аялдардын жоолук салынууга укуктуу экенини билдирген, деп жазат “The Independent” басмасы. Тереза Мэй бул билдирүүсүн “Улуу Британиянын көз карандысыз партиясынын” лидери Пола Наттоланын өлкөдө “никаб” жана “бурка” (бетин жарым жана толук жапкан хижаб) кийүүгө тыюу салуу сунушуна карата айткан эле. Эскерте кетсек, мындай тыюу салуу мыйзамдары айрым европалык өлкөлөрдө, алардын ичинде Франция, Бельгия жана Австрияда иш жүзүндө аткарылып жатат, деп кабарлайт Islam-today.
Берилген маалыматтарда палаталар отурумунда бул маселеге карата суроону премьерге “Шотландык улуттук партиянын мүчөсү Тасмин Ахмад-Шейх 1- февраль “эл аралык хижаб күнү” экенини эскертип узаткан эле. “Мен ар бир аял эмне кийип жүрүүнү өзү тандоого укуктуу дегенге толук кошулам”, деп баса белгиледи жообундаТереза Мэй.