Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран, Орусия жана Түркиянын отуруму 6-февралда Астанда өтөт.

Иран, Орусия жанаТүркиянын өкүлдөрү Сирия кырдаалын талкулоо отурумун улантуу максатында Казакстандын Астана шаарында кайрадан чогулушат. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия, Түркия, Иран жана БУУнун делегацияларынан 60 адис болуп, Сирия боюнча отурумун 6-февралда Астанада улантышмакчы.
Бул маалыматты Спутник агенттигин дагы БУУнун бир МКсынан билдирген. Ал эми Казакстандын ТИМи бул маалыматты тактаган.
Белгилей кетсек, Сирия тынчтыгы боюнча отурумдун биринчи айлампасы Иран, Орусия жанаТүркиянын көзмөлдөөсүндө Астанада 24-25 –январларда өткөн. Отурумда ошондой эле мындан 6 жыл мурда башка өлкөлөрдүн колдоосу менен өз өлкөсүнө каршы куралдуу көтөрүлгөн козголоңчу топтун 14 өкүлү өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүү максатында катышышкан.
Бул сүйлөшүүлөр куралдуу топтор арасында ок атуунун токтотуу келишимин бекитүү жана сириялык эмес террорчу топторго каршы биригүү максатында БУУнун атайын өкүлү Стаффан Де Мистуранын жетекчилигинде өткөн. Америка менен Батыш жана араб колаициялары бул отурумдун ийгиликтүү өтүүсүнө нааразы болуу менен куралчан топтор менен байланышып, аларга сөз беришип, кайра согуш баштап кан төгүүгө тукуруп жатышкан. Ал эми арабстандыктар ачыктан ачык Түркия жетекчилигин “кыянатчы” деп аташты.