Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Еврейлер Трамптын мыйзамынан тышкары

IQNA Куран маалымат порталы “Альаалям” агенттигине таянып билдирет: Дональд Трамп менен Ак Үйдүн жаңы башкаруучулары айрым өлкөлөрдүн мигранттарына чектөө киргизүү мыйзамы эч кандай диний жана расистик себептерге тиешелүү эмес, деп ишендиргенине карабастан, америкалык аткаминерлер жаңы чечимдеринде бул мыйзамдан еврейлер тышкары экенин билдиришкен. Байкоочулардын ишениминде еврейлердин бул мыйзамдан чыгуулары,Трамптын расистик жана мусулмандарга каршы көз карашын айкындайт. Израилдеги Америка элчилиги 7 өлкөгө Америкага виза берилүүсүнө тыюу салуу чечими, аталган өлкөлөрдөгү еврейлерге (ушул өлкөлөрдө төрөлсө же эки жарандуулуктун ээси болсо да ) тиешелүү эмес деп жарыялаган. Израилдеги Америка элчилиги өзүнүн интернеттик веб- сайтында бул маселени баса белгилеген: “Америкага аттануучу израилдик паспортко ээ болгон еврейлер тыюу салынган 7 өлкөдөн болгон кезде дагы виза менен жеңил түрдө Америкага кире алышат. Америка элчилиги ошондой эле тактады: аталган 7 өлкөлөрдө туулган же жарандыкка ээ болгон израилдик паспорттууларга сөзсуз түрдө виза берүү чаралары каралмакчы.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп өткөн аптанын жума күнү 7 өлкөгө; Иран, Ирак, Судан, Ливия, Сомали, Йемен жана Сирияга 90 күн виза берүүнү токтотуу мыйзамын бекиткен. Бул мыйзам жогорку өлкөлөрдө төрөлүп, бирок башка жарандыктарга ээ болгондорду да камтыйт.