Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

“Көк кит” азгырыгы менен күрөшкө дин кызматкерлерин тартуу сунушталды

Интернетте өспүрүмдөрдү өлүмгө түртүп жаткан “Көк кит” аталган виртуал оюн көйгөйү бүгүн Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Азиз Турсунбаев бул маселе олуттуу экенин айтып, ага каршы күрөшүүгө милиция, мугалимдер жана ата-энелер гана эмес, дин кызматкерлери да тартылышы зарылдыгын билдирди.

Интернеттеги “көк кит”, “сен оюндасың”, “өлүм тобу”, “тынч үй” сыяктуу суицидге үндөгөн оюндар Кыргызстанга социалдык тармактар аркылуу Орусиядан келгени кабарланууда.

Өткөн жылы мындай азгырыктан 15 чакты өспүрүм өз өмүрүн кыйган соң Орусиянын коопсуздук кызматы анын түзүүчүлөрүнүн бири – Филипп Будейкону кармаган.

Кыргызстанда соңку күндөрү жанын кыйган балдардын өлүмү менен мунун байланышы болушу мүмкүн деген божомолдор айтыла баштады. Өкмөт бул жаатта түз байланыш уюштурду. 111 номуру жалпы өлкө аймактарынан, 185 номуруна Бишкек шаарынын тургундары чалышса болот.

Расмий маалыматка караганда, соңку бир ай ичинде өлкөдө 16 өспүрүм жанын кыйды.