Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Муфтият ажылыкка байланыштуу сынак жарыялады

Сынактын мөөнөтү 1-февралдан 1-мартка чейин белгиленген.
Муфтият ажылыкка байланыштуу бир канча сынак жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты. 2017-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу муфтият ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн дары-дармектерди Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда сынак жарыялады. Мындан сырткары, зыяратка бара тургандар үчүн кийим тигүүчүлөр арасында дагы конкурс болмой болду. Конкурс 1-февралдан 1-мартка чейин жүргүзүлөт. Кененирээк маалыматты муфтияттан алууга болот.