Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Меркель качкындар көйгөйүн чечүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды

Германиянын канцлери Ангела Меркелге качкындар маселесин чечүүгө кошкон салымы үчүн «Ойген Больц» атындагы сыйлыкка татыды. Бул тууралуу DPA агенттиги кабарлайт.

Ойген Больц өз кезегинде Германиянын саясатчысы болгон, ал Гитлердин режимине каршы топтун мүчөсү эле. Кийинчерээк Германияда фашизмге каршы иш-аракети үчүн анын атына сыйлык негизделген.

Сыйлыктын баасы 5 миң еврого тете. Белектерди тапшыруу аземи Штутгартда өтөт.

Меркел бул сыйлыкка көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирүү менен: “Европа эми мындан да күчтүү, биз аны бириктирдик,”- деген эле.

Эске сала кетсек, Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ири кризиске кабылган.

Ал эми акыркы жылдары Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш чөлкөмүнөн Европага жакшы жашоо издеген адамдар көп келе баштаган. FRONTEX агенттигинин маалыматына караганда 2015- жылы Еврбиримдик аймагында 1,8 млн мигрант келген.