Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Трамп өлкөнүн Иммиграция жана Бажы уюмунун жетекисин милдеттен бошотту

Америка шаарларында жана аэропортторунда Трамптын расистик саясаттарына каршы нааразычылыктар уланууда.
IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Американын президенти ушул өлкөнүн Иммиграция жана Бажы уюмунун жетекисин милдеттен четтеткен. Бул жетекчинин милдеттен бошотулуусунун себеби, ал президенттин мусулман мигрантттарды киргизбөө буйругун аткаруудан баш тарткан. Дональд Трамп ошондой эле Адилет министринин милдетин аткаруучусун дагы мигранттардын өлкөгө кирүүсүнө чек коюу жаңы мыйзамын бузгандыгы үчүн жумуштан бошоткон. Ушул учурда Лондондо миңдеген адамдар Британия парламентинин жана премьер- министрлик кеңсесинин алдында чогулушуп, Америка өкмөтүнүн жаңы чечимине нааразычылыгын билдирип турушат. Шотландияда жана Британиянын ар кандай шаарларында, Манчестер, Ливерпуль жана Кардиффте Трамптын мигрант, качкындар боюнча чечимине каршы демонстарцияга чыгышкан. Алар “Трапм расист” деген ураандарды чакырышты. Белгилей кетсек, АКШ президентинин Британияга кирүүсүнө каршы өтүнүчкө 1 млн. 500 миңден ашык адам кол койгон. Ал эми Британиянын премьер- министри элдин бул өтүнүчтөрүн четке каккан.