Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирия качкын тургундарды артка кайтууга чакырууда

Дамаскта БУУнун комиссары менен Сириянын тышкы иштер министри эки тараптуу кызматташууга кол койду.

Сириянын Тышкы иштер министри мекендештерин кайтып келүүгө үндөөдү. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү САНА улуттук агенттигине шилтеме жасап билдирет. © SPUTNIK / КЕЙТЛИН ОУКС Маалыматка ылайык, Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди менен Дамаскта жолугушуп, качкындарга жардам көрсөтүү боюнча эки тараптуу кызматташуу талкууланган. Анда Муаллем мекендештерин Сирияга кайтып келүүгө чакырып, мамлекет аларды кабыл алууга жана тынч күн көрүүсүн камсыз кылууга даяр экендигин билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда БУУнун комиссары менен Сирия тарап кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Ага ылайык, эл аралык уюмдар ички иштер министрлигинин алдындагы жарандык уюмдарга жардам көргөзөт.