Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Трамп миграциялык мыйзам мусулмандарга каршы эместигин айтты

АКШ президенти Дональд Трамп калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн мамлекеттердин жарандарын киргизүүгө убактылуу тыюу салган жарлыгын туура деп эсептейт.

Трамп мындай билдирүүсүн 29-январда, Кошмо Штаттарда жана башка өлкөлөрдө нааразылык акциялары башталгандан кийин жасады. Алардын көз карашын бир топ америкалык мыйзам чыгаруучулар да колдоп жатышат.

«Америка иммигранттардын кадыр-баркын сыйлаган өлкө болуп эсептелет. Биз кысым көрсөтүүлөрдөн, азаптан кутулууга аракет кылгандарга кайрымдуу болуубузду улантабыз, бирок ошол эле маалда өз жарандарыбызды жана чек араларыбызды коргойбуз. Америка дайыма эркин жана кайраттуулар мекендеген жер болгон», — деп билдирди Трамп.

Анын айтымында, киргизилген чаралар «ММКлар билдирип жаткандай мусулмандарга тыюу салуу» эмес. Ал кабыл алынган чаралардын динге тиешеси жок экенин жана өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого багытталганын айтты. Ошол эле маалда Трамп кол койгон жарлык 40тан ашык мусулман өлкөсүнө тиешеси болбогонун айтты.