Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Трамп Америка аскерлерине дүйнөлүк согушка даярданууга буйрук берди

Tasnim кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Америка президенти Доналд Трамп өлкөнүн Коргоо министрлигинин кызмат адамдары (Пентагон) менен болгон акыркы жолугушуусунда аскерлердин дүйнөлүк согушка даярдануусуна буйрук берген.
Доналд Трамп өткөн жума күнү Пентагон өкүлдөрү менен жолугуп, өлкө аскерлерин Орусия жана Кытайдын өзөктүк куралына каршы эбегейсиз күч-кубаттуулукта даяр болсун деп буйрук берди.
Трамп келишим документтерине кол коюп жатып, “Мен Америка Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрүнүн кайрадан күчтөнүп калыбына келүүсүнө берилген буйрукка кол коюп жатам”,-деп билдирген.
Америка президенти айрым өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсүнө каршы чыгарган буйругуна кол коюп жаткан учурда “Чет өлкөлүк террорчулардын кол салууларынан Америка Кошмо Штаттарын коргогула”,-деп айткан.
Өлкө президенти ошондой эле, Коргоо министри Жеймс Маттиске террордук иш-аракеттерге каршы аракеттерди көрүүгө буйрук берген.
Washington Post маалыматына караганда, Жеймс Маттис Трампка Орусия жана Кытайга каршы күрөшүү боюнча изилдөөсүнүн натыйжасы боюнча отчет бериши керек.
Трамптын дагы бир буйругу Американын коопсуздугун бекемдөө максатында 2017-2018-жылдары өлкөнүн аскердик бюджетин көбөйтүү.
IRIB агенттиги Доналд Трамптын буйруктарынын бири 2022-жылы өзөктүк курал колдонуу, АКШнын анти-ракеталык коргонуу системасын жана өзөктүк куралын жаңыртуу болуп эсептелерин маалымдады. Өлкө президентинин дагы бир буйругу кибердик согуш куралдарын оптималдаштырууга багытталган.