Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Трамп Иран жана башка 6 өлкөгө виза берүүнү токтотту.

Американын президенти эки мыйзам тартибине кол койду. FARS агенттигинин маалыматына ылайык, Дональд Трамп шаршемби күнү эки мыйзамга кол койгон; анын бири мигранттардын кирүүсүнө чектеген коопсуздукту күчөтүү тартиби жана Иран менен башка 6 өлкөгө виза берүүнү бир айга чейин токтотуу. Жаңы кол коюлган документтердин бири Мексика менен болгон чек арага дубалдан чеп тургузууэле. Ал бул буйруктарга Американын ички коопсуздук министрлигин көрүп өтүү алкагында кол койгон. Ал эми экинчи буйруктун негизинде ТИМ виза берүү ыктыярдуулугунан пайдаланып, өлкө ичинде башка жарандыктар менен жүргөн кылмышкерлерди мекенине оңой кайттыра алат. Мурдараак Рейтер агенттиги Трамп айрым өлкөлөрдүн жарандарына (Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия, Йемен) Америкага баш калкалоо максатында кирүүсүнө чектөө коюуну сунуштаганын жарыялаган эле. Кечеги кол коюлган документ боюнча Иран жана башка 6 өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү иши 30 күнгө чейин токтотулду. Албетте бул буйрук Америка жарандыгын алгандарга, Америкада жашагандарга (өлкөдөн чыгып кетмейинче) жана дипломатиялык, саясий ишмерлерге аткарылбайт. Ошондой эле жаңы баш калкалоочуларды кабыл алуу иши да 120 күнгө чейин токтотулат.
Трамп бул документтерге кол коюп мындай деген: Чек арасы жок улут, улут эмес. Америка бүгүндөн баштап чек арасын кайра кайтарып алмакчы.