Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Пакистандагы жардыруудан каза болгондордун саны 25ке жетти

Базардагы жардыруудан улам 90го чукул адам оор жаракат алган.
Пакистандагы жардыруудан улам каза болгондордун саны 25 адамга жетти. Бул тууралуу РИА Новости Los Angeles Times гезите шилтеме берүү менен жазып чыкты. Ага ылайык, жардыруу Парачинар шаарында болуп, андан жабыркагандардын саны 90го чукулдаган. "Ишемби күнү болгон базардагы жардыруудан 25 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 87ге жетти", — деп жазылат маалыматта. Бомба базардагы контейнерлердин биринде жардырылган. Теракт боюнча жоопкерчиликти "Лашкар-е Жангви" жана "Техрик-е Талибан Пакистан" кыймылдары өз моюндарына алышты.