Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сауд Аравиясынын королу өлкөгө жамгыр жаашы үчүн элди Кудайга сыйынууга чакырды

Ушундай эле жамааттык сыйынууну өткөн кыштан бери жамгыр жаай элек Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүшкөн.
Кургакчылыктан улам Сауд Аравиясынын королу Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд букараларын бул бейшембиде Кудайдан жаан-чачын сурап сыйынуу өткөрүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости королдук концеляриянын билдирүүсүндө таянып жазды. "Король Салман бен Абдель Азиз келаткан бейшемби күнү элди өлкөнүн бардык жеринде жамгыр чакырып сыйынууга үндөдү. Тургундардын баары кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, өздөрү да кечиримдүү болуп, Кудайга кайрылышы керек", — деп айтылат билдирүүдө. Мурдараак ушундай эле жамааттык сыйынууну өткөн кыштан бери жамгыр жаай элек Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүшкөн. Маалыматка караганда, ушул дем алыш күндөрү аталган аймакта анча көп эмес жамгыр жааган.