Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Тегеранда "Пласко" имаратынын урандыларын тазалоо иштери журүп жатат

FARS агенттигинин маалыматына ылайык, Пласко имаратынын кулап түшкөн окуясынан соң күндөп түндөп анын сыныктарын терүү иш чаралары уланып жатат.

Эскерте кетсек, Тегерандагы 53 жыл мурда курулган “Пласко” соода имараты 19-январда өрт алып, андан соң биротоло урап түшкөн. "Пласко" Ирандын эң алгачкы бийик жана заманбап имараты болуп эсептелген. Кечээги өрттөн соң бир канча өрт өчүргүчтөр тилсиз жоо менен алпурушуп жатканда бул 17 кабаттуу имарат кулап түшкөн. Анын кесепетинен 25 өрт өчүргүч набыт кетип, 84 киши кулаган сыныктардын астында басылып калган.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, имарат өрт өчүрүүгө чачылган суулардын оордугунан кулап түшкөн. Азырынча имараттын сынктарына басылып калгандардын табыттары толук чыгарыла элек. Адистер имараттын эң ылдыйкы кабатына жетүү кыйынчылыктарын билдиришкен.

Белгилей кетсек, имараттын астында бир канча соода - сатык дүкөндөр болгон. Окуядан улам 80 млрд.туман (Иран акча бирдиги) жоготуу болгону эсептелген. Азыркы тапта керектүү иш чаралары көрүлүп жатат.