Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Орусия менен Түркия биргелешип ИМ тобуна каршы абадан чабуул койду

Орусия Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрүнө карата алгачкы жолу Түркия менен биргеликте аба соккуларын жасаганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-лейтенант Сергей Рудскойдун маалыматына караганда, ага Орусия аскердик аба күчтөрүнүн тогуз жана Түркиянын сегиз учагы катышты. Алар Алеппо провинциясындагы Аль-Баб шаарына 18-январда чабуул койгон. Түркия аскер башкармалыгы өлкө учактары Орусия менен биргеликте согуштук учууларды аткарганын ырастады.

Анкара менен Москванын алакасы 2015-жылы түрк-сирия чек арасында орусиялык учак атылып түшүрүлгөндөн кийин кескин начарлаган. Бирок акыркы кездери эки өлкө Сирия президенти Башар Асад менен куралдуу оппозициялык топтордун ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү координациялоо аракеттерин көрүп келишет. Орусия Асадды, Түркия анын режимин кулатууну көздөгөн көтөрүлүшчүлөрдү колдойт.