Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Аль- Багдади Моусулдагы ИШИМчилердин жеңилүүсүнө каарданды.

ИШИМ террордук тобунун жетекчиси Моусулда ирактык бириккен күчтөрдүн жеңиштерине нааразы болуп, Моусулдун чыгыш тилкесиндеги бир канча башчыларын милдеттен алып салган. IRIB агенттигинин маалыматына ылайык, Абу Бакр аль- Багдади өзүнүн дайындаган башчыларына нааразы болуп, Моусулдун чыгыш тилкесиндеги бир канча башчыларды “эмир” деген наамдарынан четтеткен.
Күбөлөрдүн айтымында ИШИМ согушкерлеринин арасында өз ара чыр- чатактар, ишенбестиктер жаралууда. Алар шашып, Ирак күчтөрүнө аскердик сырлары билинип калбасын деп, Моусул ЖОЖундагы иш кагаздарын өрттөп жок кылып жиберишкен. Ирактын түндүгүнөн берилген айрым маалыматтар дагы Моусулдун чыгыш тилкесинде ар кандай экстремисттер топторунун арасын катуу кагылышуулар болуп жатканын баяндайт. Белгилей кетсек, аль- Багдади ИШИМдин утур жеңилиүүсүнөн соң өзүнүн региондук демөөрчүлөрүнөн акчалай жардам сурап кайрылган эле. Алынган каражаттарды Нейнаванын административдик борборунда унааларды миналоо, миналанган тузак кою чараларына сарптамак.