Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

АСТ Airlines каза тапкан жана жабыркагандарга компенсация төлөп берет

Бишкек жакынында кырсыктаган учактан каза тапкан бардык жарандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу учакка ээлик кылган түркиялык АСТ Airlines фирмасынын расмий сайтында жарыяланды.

Компания Кыргызстанга жана кырсыктан жабыркагандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, бардык келтирилген зыяндар төлөнөт деп жазды. Андан сырткары авиакырсыктан каза болгондордун үй-бөлөлөрүнө мамлекет да компенсация төлөп бермей болду.

Маалыматка караганда, экипаж Гонконгдо 69 саат эс алуудан кийин учакты эч бир кынтыксыз кабыл алып, Бишкекти көздөй учкан. Учактагы жүктөр толук камсыздандырылган. Анда жалпы 85 тоннадан ашык жүк болгон. Буга чейин техникалык мүчүлүштүк болгон эмес. Кырсыктын себеби териштирилип жатат.

«Боинг-747» үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө — экипаж мүчөлөрү, калганы — Дача СУ айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан көп турак жай кыйраган.