Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Түркия Кыргызстанга көңүл айтып, жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

Бишкек жакынындагы учак кырсыгына байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге телефон чалды.

Чавушоглу кыргызстандык кесиптешине кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Ошондой эле Түркия өкмөтү ар кандай жардамга даяр экенин кошумчалаган.

Белгилүү болгондой, 124 тонна жүгү бар Boeing 747-400F учагы Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы менен баратып, таңкы саат 07:30 чамасында радардан жоголгон.

Экипажда төрт адам болгон. Алар капитан пилот Ибрахим Гүржан Диранжы, экинчи пилот Казым Өндүл жана жүк ташуу адистери Мелих Аслан менен Ихсан Кожа болгон. Экипаж мүчөлөрүнүн үчөөсү окуя жеринде мерт кетсе, бирөөсү ооруканага жетип каза тапты. Экипаж мүчөлөрүнүн баары түрк жарандары.

Экинчи пилот Казым Өндүл учурда эч алуудагы учкуч болгон. Ал Ооганстандагы согуштук аракеттерде катышып, АКШнын 2009-жылдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун мактоосуна ээ болгонун түрк басылмалары жазышууда.

Учак кырсыгында акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандар саны 37ге жетти.