Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Дүйнөдөгү алгачкы эко-мечит жакында Оманда курулат

Дүйнөдөгү эң алгачкы эко-мечит жакында Оманда курулат. Бул тууралуу Times of Oman басылмасына таянып Риа Новости билдирди.

Учурда мечиттин долбоорунун 90 пайызы бүттү. Азыркы тапта мечиттин чатырына күндөн кубат алуучу панелдер орнотуу каралууда.

Долбоордун автору Бадра Аль-Хадаби мечитти куруу иштерине бийликтин уруксатын күтүп жатканын маалымдады. Инженер анын долбоору өлкөдөгү бардык курулуш тармагында негизги орунду ээлейт деп үмүт артууда. Эко-мечит 50 адамга ылайыкташылган.