Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Өзбекстанда ИМ тобунун үгүттөөчүсү сегиз жылга соттолду

Өзбекстанда «Ислам мамлекети» тобунун катарына кирүүгө үгүттөгөн жана экстремисттик идеяларды таркаткан деп айыпталган өлкө жараны сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Самарканд облустук соту айыпталуучу элди ИМ тобуна социалдык түйүндөр аркылуу азгырып, 2016-жылы террорчулардын катарына кошулуу үчүн Сирияга барууга үч адамды көндүргөн деген чечим чыгарды.

Соттун маалыматына караганда, айыпталуучу Орусияда иштеп жүргөндө тыюу салынган «Жихадизм» диний-экстремисттик уюмунун таасирине кирип, мекенине кайткан соң жергиликтүү калкты ага үгүттөө менен алектенген.