Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Президент Алмазбек Атамбаев Иран элине көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге Иран мамлекетинин мамлекеттик ишмери, экс-президент Али Акбар Хашеми Рафсанджанинин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көӊүл айтты.

«Мамлекеттик ишмер, Ирандын экс-президенти Али Акбар Хашеми Рафсанджанинин дүйнөдөн кайтышы тууралу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Орду толгус жоготуу кайгысын теӊ бөлүшүп, кыргыз элинин жана жеке өз атымдан сизге жана бүт Иран элине чын дилимден көӊүл айтам», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.