Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Багдаддагы жардырууга “ИМ” террордук тобу жоопкерчилик алды

«Ислам мамлекети» террордук тобу Багдаддагы жардырууга жоопкерчилик алганын ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, жардыруудан алты адам каза таап, 10 адам жаракат алды. Буга чейин 12 адамдын каза болуп, 50дөн ашуун адамдын түрдүү жаракаттарды алганы кабарланган эле.

Жардыруу шийиттер көп жашаган райондогу жер-жемиш базарында болгон.

Укук коргоо органдары шектүү автоунааны байкап калып ок чыгарганын, бул аракеттен соң автоунаанын айдоочусу жардырып жибергени маалымдалган.

31-декабрда Багдадда болгон эки жардырууда 28 адам каза таап, 54 адам жаракат алган. Бул жардырууларга да жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу алган.