Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Аятолла Хашеми Рафсанжани дүйнө салды

Ирандын мурдагы президенти, Мамлекеттик Максаттуулук кеӊешинин төрагасы Аятолла Хашеми Рафсанжани 82 жашында инфарктан көз жумду. FARS агенттигинин маалыматына ылайык, Аятолла Акбар Хашеми Рафсанжани Ислам Ыңкылабынын жолунда талыкпай эмгек кылып жашап, кече жекшемби 8-январда Тегеран ооруканаларынын биринде бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал, ушул күнү жергиликтүү саат 18:30да инфаркт болуп, ооруканага жеткирилген, бирок тилекке каршы дарыгерлердин аракеттерине карабасатан кечке жуук саат 19:30 да дүйнө салган. Аятолла Хашеми Рафсанжани буга чейин маанилүү кызматтарды аткарып келген. Ал, Ислам Ыңкылабы кеңешинин мүчөсү, Ислам кеңеши жыйынынын президенти, Эксперттер жыйынынын президенти,Ирандын мурдагы президенти жана Мамлекеттик Максаттуулук кеңешинин төрагалык милдетин аткарып келген. FARS агенттиги бул оор жоготууну өлкөгө,Иран элине, анын бир туугандарына көңүл айтып, Жараткандан ырайым жана сабуурдулук менен кайраттулук тилейт.