Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

Ит багуу жөнүндө

Иттердин доору Мындан эки жыл мурун бир айылда ушундай кейиштүү окуя болгон. Балагатка эми жеткен мектеп жашындагы бала кутурма оорусу менен ооруп, өтө кыйынчылыкта азап менен оо дүйнө салды. Айыл элинин ага кейибеген эч ким калбаган эле.
Көрсө, ал баланы кутуруп кеткен ит каап алган экен. Бала өзү жаштык кылганбы же үй-бүлөөсү кенебестик кылганбы, айтор аягы аянычтуу өлүм менен бүттү. Иттин кутурма экенин билишкенде, баланын оорусу эбак эле күчөп, акыркы чегине жетип, кеч болуп калган.
Ошол эле айылда дагы бир кызды ит каап алган. Бирок эч ким шек албай жүргөн баягы ит кутуруп өлөт. Ошондо гана кыздын ата-энеси кокуйлап, алдастап догдурлап жөнөшөт. Кыз айлап-айлап ооруканада жатты. Дагы жакшы Аллах сактап, кыз аман калган эле.
Ошентип, жаныбарлардын борбордук нерф системасынан башталган эң коркунучтуу, эң жугуштуу, аягы азап өлүмү менен бүткөн мындай кутурма оорусун адамдарга жугузуунун биринчи катарына ит кирет.
Тарыхка кайрылсак дагы ушуга окшош далилдерге күбө болобуз. Мисалы, «жырткычтардын кыргыны» деп аталган «Иттердин Крым ылаңы» да эң биринчи иттерден башталган. Андан да башка айыктырууга мүмкүн болбой калчу кээ бир оорунун түрлөрү да иттерден жугушу маалым. Атасак, жалган кутурма деп аталган «Ауески ылаңы» тери тыкандарынын өлүмү болгон «лентосприз» иттердин ичегисинен башталган «иттердин оң вирустук энтерити», иттердин боорунан башталчу «жугуштуу гепатит», сыяктуу жана башка ар кандай ылаңдарды айтууга болот.

Эң негизгиси, иттерди да, малдарды да кутурмага жана башка ооруларга каршы ар жыл сайын эмдетип жана зооветеринардык кароодон өткөрүп туруу зарыл. Бирок, айыл жеринде азыркы кезде антип алдын алуучуларды кездештирүү мүмкүн болбой калган. Айылдарда же шаар четинде жайгашкан жаңы конуштарда иттер өтө эле көбөйгөн мезгил. Кээ бирөөлөр бир эле эмес үчтөн-төрттөн иттерди багышат. Көчөдөн жай баракат өтүү кыйын. Айрыкча жаш балдар үчүн кооптуу, анткени көчө жорткон иттер көп. Кароосуз, жапайы болуп кеткендери да бар. Пайдасы эмес, залалы көп иттердин доору келгенби дейсиң айласыз.

Шаарда

Борбор шаарыбызга саресеп салсак, андан да кейиштүү көрүнүштөргө күбө болосуң. Ит менен алектенип, ит менен чогуу жашап, чогуу тамактанып, чогуу жатып, жада калса итти мураскор кылып «цивилизованный» көрүнгөндөр мурдагы кездерде кыргыз элинин үрп-адатына туура келбеген, чын эле жат, комсоо, жагымсыз бир көрүнүш экени байкалчу. Бирок... тилекке каршы мусулманчылыкка жат мындай ыплас көрүнүштөрдү, кылык жоруктарды туурап ээрчигендер мусулман баласымын деген эле кээ бир кыкеңдердин арасында да жылдан-жылга саны көбөйүп, тагыраак айтканда «модага» айланып баратканы зээн кейитет.
Аллахтын алдында адамдын адамдай иттин иттей орду бар экенин түшүнүп да, аңдап да биле албаган кээ бир ээрчимелер өзүнүн чолок оюунда бул күрөштү чын эле «адамзаттын өнүгүүсү» деп түшүнүшөт го сыягы. Балким ошондон уламдыр шаарда ит базары кызып, «асыл тукуму» менен соодада баркталып, «доллар» менен бааланып турган кезидир.

Айтор, аздектелген, баладай бапестелген, кымбат шампун менен жуулган, жумшак тарак менен таралган, майлуу колбаса менен багылган, сейил бактарда эс алган иттердин ар кандай түрү шумдук түрлөрү көбөйүп баратат.
Жер үйлөрдү ары кой, шаардын борборунун кабат үйлөрүндө жашап, балкондордон барсылдап үргөн, чет элдик авто унааларда жүргөн иттердин санына көңүл бурган жан жок. Канчалык тынчсызданбайлы, адам акылын «сыйкырлаган» иттердин жыргал жашоосу адаттагыдай эле көрүнүшкө айланып, жашообузга сиңип барууда. Кененирээк көз карашта карасак, анда ошол ит жандуу адамдар өздөрү эле ыпластыкка батпастан башкаларга да ар кандай жолдор менен ыпластыкты жугузуп жатышканын, ал эле эмес жалпы коомчулукка да орду толгус кедергиси тийип калаарын ойлоонушаар бекен?... Себеби, арам көбөйгөн жердин берекеси учат. Ар түрлүү оору, илдеттер күчөйт. Асман менен жерден келүүчү береке эшиктери жабылат. Аллах сактасын.

Иттин кесепетинен чыккан уруш жаңжалдарга көп эле күбө болуудабыз. Баарынан да ошол эле иттер азыркы кездерде азык- түлүк дүкөндөрдүн ичинде да ээси менен кошо соодада жүргөнүн эмне дешке болот? Мындай дүкөндөрдө жүргөндөрдүн үчөөсүн өз көзүм менен көрдүм. Ээси кыргыздар экен. Туура эмес экенин айтсам, «Бул ит таза эч нерсеге тийбейт»,- деген жооп болду. Бирок ал иттин шилекейи же сийдиги же өзү эч бир азыкка тийген жок деп ким кепил бере алаар экен?... Ошол эле дүкөндөрдөн канча мусулман билип-билбей азык-түлүк сатып алып жатышат.

Дагы бир көйгөй

Ошол эле иттер даарычылыкта да бааланып жатат. Анткени, иттин анын этин жеш үчүн тазалап, «аруулап» багуучулар да чекеден табылат. «Иттин этин жеп, майын жеп, шорпосун ичип-тердеп жаман оорудан айыктым»- дегендер да бар. Балким ошондон уламдыр, иттин этинен куурдак, шорпо сыяктуу тамактар жасалчу кафелер да шаарыбызда эбак пайда болуп, иштеп жатканы жашыруу деле эмес. Тооба! Санитардык жактан уруксаат эле болбосо, союулган иттерден чыгып жаткан жагымсыз каңырсыган жытына көңүл буруп да койбогон «жирный клиенттери» жетиштүү ал кафелердин. Арамдан шыпаа бериштен Аллах өзү сактасын.
Эмесе, иттин орду шарият өкүмдөрүндө ар кандай экенин ошол кээ бир улутташтарыбызга азын-оолак чечмелеп, жеткирип коёлу. Биринчиден, ит өзү арам, эти да арам. Анын шилекейи тийген кешик да арам. Экинчиден, ит үйдүн ичинде багылмак турсун сыртында багылса да ал үйгө периште кирбейт. Периштелер кирбеген жерде жин-шайтандар уялап жашайт. Абу Талха разиаллоху анха мындай риваят кылган: Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва саллам айтты: «Ити же сүрөтү бар үйгө периште кирбейт» Ошондой эле, иттин же мойунуна коңгуроо тагылган жаныбарларды жетелеген адамдарды да периште коштоп жүрбөйт. Буга далил Абу Хурайра разиаллоху анху мындайча хадис келтирген: Аллахтын элчиси айтты: «Ити бар же коңгуроосу бар элдин тобун периштелер коштоп жүрбөйт».

Үчүнчүдөн, капкара же төрт көз иттерди көргөн, билген жерде өлтүрүүгө буюурган. Анткени, аларды жин- перилер уюктап жашайт. Ал эми кабанаак иттердин түсүнө каралбастан эле өлтүрүлөт. Аны өлтүрүүдө убал жок. Абдулла ибн Мугаффал разиаллоху анху риваяты боюнча: Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва саллам айтты: «Эгерде ит топтордун бир түрүнөн болбогондо, анда мен аларды жок кылып жиберүүгө буйрук бермекмин. Ошондуктан бардык кап-кара иттерди өлтүргүлө». (Абу Давуд, Тирмизий, Насаий жана ибн Мажа)

Бул хадисти ачыктай турган болсок, анда жан-жаныбарлардын ар бир түрү, куштардын да ар бир түрү өз-өзүнчө жамаат- топтор болгондугу жана алар да Кыяматта кайра топтолгондугу үчүн гана ("Аньам" 38-аят) Аллахтын элчиси иттерди тукум курут кылуудан өзүн карманганы маалым болууда.

Иттин соодасы- арам.

Мусулманчылыкта итти сатууга же сатып алууга тыюуу салынган. Сатылган иттин акчасы- арам. Буга далил Абу Масуд ал-Ансари радиаллоху анху Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва салламдан мындайча хадис айтат: «Ит үчүн акча алууга, бузуктук менен табылган акчаны алууга жана төлгөчү риваят кылган хадисте «Аллахтын элчиси ит үчүн кан үчүн акча алууга тыюуу салган..."
«Адамдар үчүн ушундай бир заман башталат. Адам өзү тапкан (байлыктын) адал же арам экенине кызыкпай калат» Абу Хурайра риваяты.
Аллахка тооба, ошол айтылган замандын башталганына күбө болуудабыз. Анткеним, туш-тарабыбыз ушул сыяктуу мисалдарга толтура.

Итти багуу кандай?

Эч кандай зарылчылыгы жок ит багууга уруксат жок. Эгерде ит жөн эле, башкача айтканда, жогорку айтылгандай багылса, ал адам күнөөгө батат жана анын жакшылыктары эки эселеп жоктукка айлана берет. Абдуллах бин Умар радиаллоху анху риваят кылышынча: Пайгамбарыбыз саллаллох алейхи ва саллам айтты: «Итти малын коруу же аңчылык үчүн эмес (жөн эле) баккан адамдын(жакшы иштери үчүн жазылчу) сообу күн сайын эки кираттан азая берет». Ушуга эле окшош дагы бир хадисти Абу Хурайра радиаллоху анху мындайча айткан: Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва саллам айтты: «Акыйкат, ит баккан адамдын кылган иштери үчүн (берилүүчү сооп) ар күнү бир кираттан азая берет. Эгер ал эгин талааларын же малын коруу үчүн баккан болбосо».

Иттин эти.

Ади бин Хатим радиаллоху анху риваят кылат: Пайгамбар саллаллоху алейхи ва саллам айтты: «Эгер сен итиңди коё берип, Аллахтын ысымын айтсаң жана ал (аңды) тутуп, аны өлтүрсө, аны жесең (болот), а эгер ал бир жерин жеп койсо, анда аны жебегин...»
Бул келтирилген осуяттан мындайча жыйынтык чыгууда. Итти жеш ары турсун, ит тиштеп, бир аз бөлүгүн жеп алган аңды да жешке тыюуу салынып жатат. Ошондуктан, мусулман адам иттен шыпаа издебейт. Аллах сактасын. Анткени ал-арам. «Мусулманга арамдан шыпаа жок»-деген Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва саллам.
Аллах Таала Кураанда мындай дейт: «Оо, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Биз силерге ырыскы кылып берген таза нерселерден жегиле жана Аллахка шүгүр кылгыла». (Бакара: 172)

Демек, жакшылыктан үмүт эткен соң, Аллахтын өкүмдөрүнө толук баш ийип, Аллахтын элчиси - Мухаммад саллаллоху алейхи ва саллам тыйган нерселерден тыйылып, чыныгы момун болушту самап жашаганыбыз жакшыдыр.
Чочко этин жегендердин денесине чочко мүнөзгө өтөөрү илимде далилденген сыяктуу эле, итти жегенге да ит мүнөзүнө өтөөрү маалым. Аллах сактасын.
Муслимдин китебинде жазылган бир куттуу осуятта ушундай айтылат: Бир киши узун жолго чыгып, чачы башы саксайып, чоң топурак ичинде туруп «Оо, Аллах - деп колдорун көтөрүп дуба кылат. Бул кишинин жегени -арам, ичкени- арам, кийгени арам, тулку боюу арам болуп турса дубасы кантип кабыл болсун». Демек, бул осуяттан тыянак чыгарсак, анда Аллахка үнү жетпей, кайгы- капа коштоп, кырсык балакет тооруп, оору сыркоо күч алып, берекеси жок калуунун себеби- арам нерселер менен тамактануу экен.
Аллах бизге таза, туура жолду насип кылсын.