Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

ИШИМ менен Жабхату ан- Нусра бири бирине асылышты.

Такфирдик- сионисттик террордук ИШИМ тобу менен Жабхату ан – Нусра террорчулары Дамасктын түштүк аймагындагы “Альярмук” лагеринде кагылышты. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, куралчан топтордун макулдашуу комитеттери, Сириянын борбор калаасы Дамасктын түштүк чет - жакаларында жайгашкан “Альярумук” лагеринде Жабхату ан- Нусра террорчулары менен ИШИМ такфирчилери салгылашып жатканын билдирген.
Бул кагылышуулар Жабхату ан- Нусранын бир мүчөсү ИШИМдин текшерүүчү бекет борборуна келип, жардыргыч куру менен өзүн өзү жардырып жиберген соң башталган. Берилген маалыматтарга караштуу бул жардырууда 8 куралчан набыт кетип, дагы бир канчалары жарадар болушкан.