Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ислам Кызаматташуу Уюму Мьянма боюнча шашылыш түрдө жыйын өткөрөт.

IQNA агенттиги “Arakan” маалыматына шителме берүү менен кабарлайт: ИКУ мүчөлөрү болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Мьянмадагы аз жамаатты түзгөн мусулмандардын жагдайын талкуулоо максатында шашылыш турдө жыйын өткөрмөкчү. Жыйын 19-январь бейшемби күнү Малазиянын борбор калаасы Куала - Лумпурда өтмөкчү. Эскерте кетүүчү нерсе, бул күндөрү Рохингия мусулмандары Мьянманын буддист кошуундарынан кордук көрүүдө. Ал эми ИКУ көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болгону менен азыркыга чейин Рохингия мусулмандарына колдоо көрсөтөрлүк иш жасай элек. Мяньма өкмөтүнүн өлкөнүн аз жамаатын түзгөн мусулмандарга карата инсансыздык мамилелерине карата болгон нааразычылыктар күчөгөн соң, Малазия өкмөтү ИКУдан бир канча ирет ушуга байланыштуу жыйын өткөрүүнү талап кылган. Бул талаптар менен бирге акыры мезгилдердеги коомдук каналдардан Мяньма мусулмандарынын акыбалдарын чагылдырган видео тасма кеңири таралып, натыйжада ушуга байланыштуу жыйын эки жумадан соң өткөрүлмөкчү болду.
Бул тууралуу ИКУнун басма сөз катчысы Maha Akeel “Arab news” гезитине мындай деп жазган: Биздин уюм бир канча айдан бери Рохингия мусулмандарынын ал- акыбалдарын караштырып келет. Ошондой эле Мьянманын буддист кошуундарынын аларга карата зулумдук мамилелерине да байкоо жүргүзүп жатат. Ал кошумчалаган: келерки жумаларда өтүүчү жыйында уюмдун мучө болгон өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышууларында ушул маселе каралып, Рохингия мусулмандарынын кыйынчылыктарын чечүүчү саясий жолдор талкууга алынмакчы.