Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

2017-жылы дүйнөдө «Тынчтык жылы» болот

Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы баш катчысы Антониу Гутерреш 2017-жылдын 1-январынан тарта расмий түрдө кызматка киришти. Ал БУУ системасы жаңыланаарын айтты. Ошондой эле, жаңы башталган 2017-жылды Тынчтык жылы деп жарыялоону сунуштады. Тынчтыктын жаңы элчиси Гутеррештин бул сунушу чынында эле дүйнөдөгү хаосту жөнгө салууга жардам береби? Дүйнөдө бейпилидк орноосуна үмүт барбы же Гутерреш да дүйнөдөгү ири державалардын гегемониялык саясатынын чеңгээлине түшөбү?Антониу Гутерреш дүйнө коомчулугуна 2017-жыл тынчтыктын жылы болсун деп үн катты. Ал согуш талааларында ок атышкандын ордуна, саясий сүйлөшүүлөр баштоо керектигин белгиледи жана Улуттар Уюмун кайрадан аброюлуу аянтчага айлантабыз деген тилегин айтты.

«Мен жаңы кызматыма баштап жатып, миллиондогон кыйналган адамд тууралуу ойноп жатам. Келгиле баарына чекит коелу. Күн сайын алсыз аялдар, балдар, жаш жигиттер каза табууда. Согушта эч кайсы тарап утпайт. Баары утулат. Анткени согушта триллиондогон доллар акчалар жок болууда. Мындан улам, бардык дүйнө лидерлерин, оппозицияны сүйлөшүүгө чакырам. Бири-бирибиздин саясий көз карашыбызды сыйлап, дүйнөгө тынчтык орнотолу”.

Албетте, Улуттар Уюмунун жаңы баш катчысынын бул жылды «Тынчтык жылы» деп жарыялоосуна негиз бар. Анткени ал өтө оор кырдаалда бул кызматка келди. Алты жылдан бери амалы табылбаган Сирия согушу, Жакынкы Чыгыштагы регионалдык абал, укутары тебеленген миллиондогон качкындар, Африкадагы ачкачылыктын жайылышы, экологиялык абалдын начарлашы, терроризм, АКШ менен Орусиянын санкциялар тирешти сыяктуу көйгөйлөрдүн азырынча чечими табыла элек. Профессор Алмаз Бейшеналиевдин айтымында, мунун баарына дүйнөдөгү популисттик жана улутчул көз караштагы лидерлердин көбөйгөнү себеп болду. Мындан улам дүйнөлүк саясатта жаңы тенденция башталганын байкоого болот.

“Дүйнөдө учурда жаңы доор башталды. Айрыкча өлкө башына популисттик көз караштагы улуттук кызыкчылыкты ойлогон лидерлер көп келүүдө. Буга Түркиядагы Эрдоган, Египеттеги Сиси, Индиядагы Моди, Орусиядагы Путин мисал боло алат. Британиянын жаңы өкмөт башчысы, АКШнын жаңы президенти Трамптын бийликке келиши менен улутчулдардын катары дагы бир ирет толукталды. Бул тенденция дүйнөлүк глобализациянын кызыкчылыгына каршы келип, мындан улам БУУнун аброю акыркы декадада такыр эле түшүп кетти”.

Учурда Антониу Гутерреш дүйнөнү бул абалдан “куткара алабы” деген суроо күндүн маселеси. Аналитик Жорж Жозефтин айтымында, жаңы баш катчы бир топ иште жөндөмдүү жана БУУда өзгөрүүлөрдү жасай алат.

“Ал дүйнөдөгү азыркы абалды өтө жакшы билет жана жакындан тааныш. Буга анын билими да жетишээрлик. Ошондой эле ал дүйнөлүк саясаттын реалилерин жакшы түшүнөт. Гутерреш куру риторика менен алектенбей, БУУга жаңы дем берүүсү зарыл. Ошондо ачарчылыкты жоюу, мигранттардын агымы сыяктуу маселелерге чечим табылат”.

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу, профессор Алмаз Бейшеналиев да жаңы баш катчынын бул тилегин колдойт. Бирок ошол эле убакта, БУУ, НАТО, Евросоюз сыяктуу уюмдардын аброю түшүп, эл аралык ортомчу ролунан кол жууп баратканын да айтат. Эми мындан аркы тынчтыкты орнотуу саясаты АКШнын жаңы прзеиденти Трамптын аракетине да байланыштуу болот.

“Гутеррештин Тынчтык жылы кылуу аракетин колдойм. Бул жакшы көрүнүш. Анткени өткөн жыл өтө оор жылдардан болду. Аягына чыгат деген Сирия согушу кайра күчөп, дүйнө жүзүндө теракттар болуп, деги эле саясий интригалар, оюндар токтогон жок. Мындан улам БУУнун жаңы катчысы 2017-жылда ушул кемчиликтерди оңдоого аракет кылууда. Тилекке каршы Бириккен Улуттар Уюму да Вашингтондун көзүн карайт.Ошондуктан дүйнөдөгү тынчтык процессин орнотууда АКШ президенти Трамптын көз караштары да өтө маанилүү болуп саналат”.

Бириккен Улуттар Уюму Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин 1945-жылы 24-октябрда түптөлгөн. Анын максаты дүйнөдөгү тынчтыкты сактоо жана өлкөлөр ортосунда диалог түзүү. Уюмга дүйнөдөгү 193 мамлекет мүчө. Ал эми жаңы жетекчи Антониу Гутерреш уюмдун тогузунчу баш катчысы болуп саналат. Буга чейин Улуттар уюмун сегиз жыл катары менен Пан Ги Мун башкарып келди.