Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Стамбулдагы терактка байланыштуу дагы бир кыргыз үй-бүлө кармалды

Түрк басылмаларынын маалыматына ылайык, Измирде полиция кызматы кыргыз жана уйгур улутундагы 3 үй-бүлөнү жана окуяга байланыштуу жалпысынан 27 кишини кармады. Учурда булардын Рейна клубунда болгон терактыга тийиштиги иликтенүүдө.

Буга чейинки маалыматтарда терактка тийиштиги бар киши Коняда башка улуттагы 3 үй-бүлө менен байланышы бар экендиги айтылган. Стамбулда болгон окуядан кийин 3 үй-бүлө дарегинде табылган эмес. Кармалган үй-бүлө Коня шаарынан Измирге келгенин Хурриет басылмасы полицияга шилтеме берип жазды.

Стамбулда Рейна клубунда болгон терактка байланыштуу маалыматтар жаңыланууда.