Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Стамбул терактына күнөөлүү деп уйгур улутундагы жигит кармалды

Стамбулдагы Рейна түнкү клубуна кол салган куралчан террористтин ким экендиги аныкталды. Анын улуту уйгур экени жана Түркияга 2016-жылдын ноябрында келгени маалым болду.

Террорист Түркиянын Конья шаарына үй-бүлөсү менен ушул жылдын ноябрында көчуп келгенин Интернетхабер басылмасы жазды.

Кытайдын Уйгур автономдук облусунан көчүп келген террористтин үй-бүлөсү учурда баары кармалган. Ал жубайы жана эки кызы менен жашагандыгы айтылууда. Учурда тергөөнүн жабыктыгына байланыштуу кармалган жарандын аты-жөнү толук айтылган жок.

Буга чейин башка бир адамдын сүрөтү терактка шектүү деп жарыяланып, анын өзбекстандык же кыргызстандык экени айтылган. Кийинчерээк, ал жаран өзү полицияга кайрылып, казакстандык ишкер экендигин билдирген.