Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран Кыргызстанга ГЭС курууга көмөктөшөт

Алмазбек Атамбаев Иран менен энергетика жаатында кызматташуу тууралуу кеп козгоп, Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна Иран өлкөсү көмөк көрсөтсө деген оюн айтты. Роухани бул маселеде Ирандагы компаниялардын бирине тапшырма берерин билдирип, ГЭС курууда Кыргызстанга жардам кыларын билдирди.«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани жолукту. Эки өлкө жетекчилери алгач тар чөйрөдө кезигишип андан соң кеңейтилген форматта жыйын кылышты. Мамлекет башчысы Атамбаевдин журналистерге берген маалыматында тар чөйрөдөгү жолугушууда терроризм менен күрөшүү, эки өлкө ортосунда соода-экономикалык алаканы арттыруу сындуу бир катар маселелер боюнча талкуу болгонун билдирди. Ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосунда виза режимин жоюу боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасы эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтерине тапшырылганын белгиледи.

— Биздин бүгүнкү кезигүүбүздөгү негизги жыйынтыгы катары кыргыз-иран алакасынын жакшырышын айтсак болот. Анын ичинен экономикалык алака-катыш биринчи орунда турат. Ал эми аны ишке ашырыш үчүн виза режимин жумшартыш керек. Бул боюнча Тышкы иштер министрликтерине атайын документ иштеп чыгуу үчүн бир ай убакыт берилди. Визасыз режим алгач ишкерлерге, андан соң туристтер менен жөнөкөй жарандарга иштелип чыгыш керек.Ирандын президенти Хасан Роухани эки өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизүүнү колдоп, ал үч тепкич менен ишке ашышы керектигин эске салды. Иран тарап эң ириде бизнесмендерге болгон визанын алынышына кызыктар экенин айтты. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Иран менен энергетика жаатында кызматташуу тууралуу кеп козгоп, Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна Иран өлкөсү көмөк көрсөтсө деген оюн айтты. Роухани бул маселеде Ирандагы компаниялардын бирине тапшырма берерин билдирип, ГЭС курууда Кыргызстанга жардам кыларын жарыялады.

— Иран заманбап технология жаатында дүйнөдөгү мыкты делген 20 өлкөнүн катарына кирет. Ошондой эле дары-дармек өндүрүүдө дагы алдыда келеткан мамлекет. Андыктан бизде бул жаатта да кызматташууну арттырууга болот. Биз Иран Ислам Республикасы техникалык жактан жана ГЭС курууда Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин билдирем.Эки өлкөнүн жетекчилери андан ары Бишкек-Тегеран боюнча түз авиакаттам ачуу боюнча ойлорун ортого салышты. Алмазбек Атамбаев визасыз режим маселеси чечилсе бул жаңы каттам эмдиги жылдын орто ченинде ишке кириши мүмкүн экенин кошумчалады. Андан сырткары Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан-Түркменстан жана Иранды байланыштырган темир жолду курууну тездетүү боюнча маселе козголду. Атамбаев маселени жыл аягына чейин мерчемделген Өзбекстан менен Кытайга болгон сапарында да көтөрөөрүн ачыктады.

— Биргелишип Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркменстан-Иран өлкөлөрүн байланыштырган темир жолду ишке киргизүү демилгеси менин Өзбекстан менен Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапарымдын негизги өзөгүн түзөт десем болот.

Президенттердин жолугушуусунун соңунда эки тараптуу жети документке кол коюлду. Алардын ичинде мыйзамсыз баңгизат ташууга карата чараларды күчөтүү, саламаттык сактоо тармагында алаканы жакшыртуу жана маданият байланыш багытындагы өз ара кызматташууну арттыруу сындуу келишимдер бар.