Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Бүгүн Ирандын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Бүгүн, 22-декабрда Кыргызстанга Иран мамлекетинин президенти Хасан Рухани расмий сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Иран президенти Бишкекке Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келе жатат.

Бул сапар Хасан Руханинин Кыргызстанга экинчи жолку визити, ал биринчи жолу 2013-жылы ШКУ саммитине катышуу үчүн келип кеткен.

Сапар алкагында биринчи күнү эки тараптуу жолугушуулар болот. Ал эми экинчи күнү кыргыз-иран бизнес форуму өткөрүлөт. Анда энергетика, туризм, алтын кендерди иштетүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жаатындагы долбоорлор талкууланат.