Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Түркия: Кайсеридеги террордук актыга байланышы бар 7 адам кармалды

Түркияда Кайсери шаарындагы терактты уюштурууга тийиштиги бар делип, жети киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди.

Ишемби күнү Кайсери шаарында жанкечти жардыргыч зат салынган унаасы менен аскер кызматкерлери отурган автобусту келип сүзгөн. Натыйжада 13 киши мерт кетип, дагы 50гө жакыны жаркаттарды алышкан. Каза тапкандардын баары аскерлер болуп, алар өргүүгө чыгып, үйлөрүнө жол алышкан.

Түркия бийлиги бул окуяны катуу сындап, анда террорчул топ делген «Күрт жумушчулар партиясынын» колу бар деп эсептешүүдө.

Бир жума мурда эле Стамбулдагы кош жардыруудан 40тан ашык адам каза болгон. Алар үчүн жоопкерчиликти күрт жикчилдерине байланышы бар радикалдуу аскерлешкен топ алган болчу.