Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Йемендеги терактыдан айлыгын алуу үчүн келген 43 аскер каза тапты

Маалыматтарда, курман болгон аскерлер ал жерге айлыгын алуу үчүн чогулгандыгы жазылган.
Йемендеги Аден шаарында жасалган терактыдан 43 аскер мерт кетип, ошончо сандагы аскер жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Türkiye сайты кабарлады.

Аскер жана медицина кызматкерлеринин маалыматына караганда, жан кечти аталган калаанын түндүк-батышында жайгашкан аскер базасынын жанында топтошуп турган аскерлердин ичине кирип келип, жардыруу жасаган. "Акыркы маалыматтарда 43 аскер курман болуп, ошончо сандагы аскер жаракат алды", — деп айтылат билдирүүдө.