Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Рухани Ислам пайгамбарынын (с) туулган күнүн Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилерине куттук айтты.

Иран президенти Ислам пайгамбарынын туулган күнүнө (маулид) карата Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилерине өз өзүнчө куттуктоо кат жиберген.
IRINN агенттиги президенттик аппараттын маалымат порталынан кабарлайт: Иран президенти Хасан Рухани Ислам пайгамбары азирети Мухаммад Мустафанын (с.) маулидине карата Ислам өлкөлөрүнүн президенттерине өз өзүнчө кат жиберип бул улуу күн менен куттуктаган.
Катта мындай баяндалган: “Жараткандын эң сүйүктүү акыркы элчиси, адам затты туура жолго багыштаган, адеп- ахлактын үлгүсү болгон бул улуу инсандын жаралган күнүн, Жараткандын ырайымы төгүлгөн күндү бардык мусулмандарга куттук айтам. Ошондой эле бул күн ар кандай улуттардагы мусулмандардын биримдигине, бир туугандык сезимдерин күчөрүнө себеп болот деп үмүттөнөм.” Рухани кат баянында Ислам өлкөлөрү бул улуу мурастан пайдаланып, дүйнөгө Исламдын нурлуу, ырайымдуу жүзүн таанытаарына ишенерин билдирген.
Ал уландысында мындай деп жазган: “ Мухаммадын үмөтү андан үлгү алып биримдик жана ынтымакта болушун каалайм. Ислам өлкөлөрүндө тынчтык жана коопсуздук түбөлүккө орноосуна үмүттөнөм. Рухани каттын аягында бардык мусулмандарга тынчтык жана жакшылык каалаарын билдирген.