Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Диндеш бир туугандыктын негиздери. 2-бөлүк

ҮЧҮНЧҮ ЖАГЫ: Чыныгы адилеттүүлүктү баяндаган وَلاَ تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ اُخْرَى «…Эч бир күнөөкөр адам башка бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт» (Куран 6:164) аятына карасак, ыймандуу адамда болгон жаман бир сыпатынын айынан, башка күнөөсүз сыпаттарын күнөөлөгөнгө тете болгон душмандык менен кек сактоо – өтө чоң зулумдук болуп саналат. Айрыкча ыймандуу адамдын жаман бир сыпатынан таарынып, ал адамдын туугандарына душмандык кылуу اِنَّ اْلاِنْسَانَ لَظَلُومٌ «…Акыйкатта инсан – зулум кылуучу» (Куран 14:34) аятында айтылгандай абдан чоң бир зулумдук болоорун акыйкат, шарият жана Ислам даанышмандыгы сага катуу эскертип турса да, анан кантип сен өзүңдү туура кылып жатам деп ойлойсуң, «Ушундай кылууга менин акым бар» – деп кантип айта аласың?

Акыйкаттын көз карашында душмандык менен зулумдукка себепчи болгон жамандыктар топурак сыяктуу чагылышууга жөндөмү жок болгондуктан, башкаларына өтпөөсү жана чагылбоосу керек. Эгерде башкалары андан үлгү алып жамандык жасашса анда ал башка маселе. Ал эми сүйүүгө себеп болгон жакшылыктар болсо, сүйүү сыяктуу нурдуу, бири-бирине өтүшүп жана чагылышып туруусу нурдуулуктун белгиси. Мына ошондон улам: «Досумдун досу менин да досум» – деген сөз макал болуп айтылып жүрөт. Андыктан: «Бир адамдын көңүлү үчүн көптөгөн адамдарды сүйүүгө туура келет» – деген сөз эл оозунда айтылып жүрөт.

Мына, эй ынсапсыз адам! Бул акыйкаттарды көрүп туруп, өзүң жактырбаган бир адамдын күнөөсүз бир туугандарына жана байланышы бар адамдарына душмандык кылуу канчалык акыйкатка терс болгонун акыйкатты көрө алсаң түшүнөсүң…

ТӨРТҮНЧҮ ЖАГЫ: Мусулман адамга кек сактап, душмандык кылуу – ар бир инсандын турмуштагы жекече жашоосу жагынан алып караганда дагы зулумдук болуп эсептелет.Ушул төртүнчү жактын негизги пайдубалы болгон бир нече эрежелерди ук:

Биринчиси: Сен өз жолуңду жана пикириңди акыйкат деп билген кезиңде да: «Менин туткан жолум акыйкат же болбосо дагы да сонун деп айтууга акың бар. Бирок, жалгыз гана менин жолум акыйкат деп айтууга эч бир акың жок».

وَعَيْنُ الرِّضَا عَنْ كُلِّ عَيْبٍ كَلِيلَةٌ وَلكِنَّ عَيْنَ السُّخْطِ تُبْدِى الْمَسَاوِيَا

«Ыраазы болуп караган көз бардык айыптарды көрбөйт. А бирок ыраазы болбогон көз болсо, кемчиликтерди издейт» — деген эреже боюнча, ынсапсыз көз карашың менен төмөн пикириң сага калыс боло албайт. Башкалардын жолдорун жалганга чыгарууга өкүм бере албайт.

Экинчи эреже: Ар бир айткан сөзүң акыйкат болсун. Бирок, ар бир акыйкатты айтууга сенин акың жок. Ар бир айтканың туура болсун. Бирок, ар бир туура нерсени айта берүү туура эмес. Анткени, бардык адамдар сен сыяктуу ниети таза болбогондуктан, кээ бирөөлөрүнүн насыйкаты кээде адамдардын кыжырына тийип, терс таасир берип калат.

Үчүнчү эреже: Душмандык кылууну кааласаң жүрөгүңдөгү душмандыкка душмандык кыл, ошол сезимди жок кылууга аракет кыл. Анан дагы сага өтө көп зыян келтирип жаткан өзүңдүн напсиңе душмандык кыл, аны тарбиялоого аракеттен. Ошол зыяндуу напсинин көңүлү үчүн ыймандуу адамдарга душмандык кылба. Эгер душмандык кылууну кааласаң, каапырлар менен динсиздер толуп жатат, аларга душмандык кыл. Ооба, сүйүү сезими сүйүүгө ылайык болгондой эле душмандык сезими да баарынан мурда өзү душмандык кылууга ылайык. Эгерде душманыңды жеңгиң келсе, анын жамандыгына жакшылык менен жооп бер. Анткени: Эгер жамандык менен жооп берген болсоң, кастыгы күчөй берет. Сырткы көрүнүшүндө жеңилген болсо да жүрөгүндө кеги калып, душмандыгы улана берет. Эгерде жакшылык менен жооп берген болсоң, анда кылган душмандыгына өкүнөт жана сага дос болот…

اِذَا اَنْتَ اَكْرَمْتَ الْكَرِيمَ مَلَكْتَهُ وَ اِنْ اَنْتَ اَكْرَمْتَ اللَّئِيمَ تَمَرَّدًا

«Жакшы адамга жакшылык кылсаң, ага дос болосуң. Эгерде жаман адамга жакшылык кылсаң ал кежирленет» – деп айтылгандай, ыймандуу адамдын белгиси – жоомарттык менен айкөлдүүлүк. Сенин кең пейилдүүлүгүң душманыңды да чөгөлөтөт. Сырттан караганда төмөн түшүү, кордолуу болуп көрүнсө да, ыйман жагынан айкөлдүк болуп эсептелет. Ооба, жаман адамга: «Жакшысың, жакшысың» дей берсең жакшы болуп кетүүсү, ал эми жакшы адамга: «Жамансың, жамансың» дей берсең жаман болуп кетүүсү турмушта көп эле кездешип жүрөт. Андай болсо,

وَاِذَا مَرُّوا بِاللَّغْوِ مَرُّوا كِرَامًا ٭ وَاِنْ تَعْفُوا وَتَصْفَحُوا وَتَغْفِرُوا فَاِنَّ اللّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

«… пайдасыз сөздөрдү сүйлөшүп жаткандардын жанынан абыроюн сактоо менен айланып өтүп кетишет.» (Куран 25:72)

«…Эгерде аларды кечирсеңер, кемчиликтерине карабасаңар жана ырайым кылсаңар, албетте Аллах Кечирүүчү жана Ырайымдуу.» ( Куран 64:14) сыяктуу Курандын ыйык эрежелерине кулак сал. Бактылуулук менен саламаттык Курандын ичинде.

Төртүнчү эреже: Бири-бирине кек сактап, душмандык кылган адамдар биринчиден өздөрүнө, андан соң ыймандуу бир тууганына жана Аллахтын ырайымына зулумдук кылышып, чектен чыгып кетишет. Анткени, кек сактап душмандык кылуу менен өзүн аянычтуу бир азапка салып алат. Душманына келген жакшылыктарды көрүп өзүнчө азап чегет жана душманынан коркуудан улам пайда болгон кайгы да өзүнчө азап берет. Ошентип өзүнө өзү зулумдук кылган болот. Эгер душмандык көрө албастыктан улам пайда болгон болсо, анда ал өзүнчө эле чоң азап. Анткени, көрө албастык эң оболу көрө албастын жан-дүйнөсүн эзет, бузат жана куйкалайт. Ал эми кызганган адамга болсо зыяны аз же болбосо таптакыр зыяны жок.

Көрө албастыктан кутулуунун чарасы: Көрө албас ичи тар адам, кызганган нерселеринин натыйжасын ойлоп көрсүн. Ошондо гана атааңдашында болгон бу дүйнөлүк сонундуктар деп эсептелген күч-кубат, мартаба жана байлыктын убактылуу жана өтүп кетүүчү экенин, пайдасы аз жана түйшүгү көп экенин түшүнөт. Эгер акыреттик сонундуктар болсо, анда аларга кызганууга болбойт. Эгер аларга дагы кызгана турган болсо, анда ал өзү эки жүздүү болгон болот, себеби акыреттик байлыгын бул дүйнөдө жок кылууну каалап жатат. Же болбосо кызганган адамын эки жүздүү деп ойлоп, күнөө менен зулумдукка батат.

Анын үстүнө ага келген кайгылардан сүйүнүп, ал эми ага келген жакшылыктардан кайгырып, ага жакшылык кылгандыгы үчүн тагдырга жана Аллахтын ырайымына таарынат. Дароо тагдырды сындап, Аллахтын ырайымына каршы чыгат. Тагдырды сындаган адам – башын ташка уруп жарган адамга окшош. Аллахтын ырайымына каршы чыккан адам да ырайымдан куру калат.

Таң калыштуу, бир күн дагы душмандык кылууга арзыбаган нерселерге бир жыл бою кек сактап душмандык кылууну кайсы ынсаптуу адам кабыл кылат жана кайсы бузулбаган абийир кабыл этет? А бирок, мусулман бурадарыңдан сага келген жамандыктын барын эле андан көрүп аны күнөөлөгөнгө акың жок. Анткени; биринчиден, анда тагдырдын бир үлүшү бар. Аны эске алып ошол тагдырдын үлүшүн ыразылык менен кабыл алууң керек. Экинчиден, напси менен шайтандын үлүшүн да бөлүп, ал адамга душмандык эмес, тескерисинче напсисине жеңилгендиги үчүн ага боор ачууң жана өкүнөөрүн күтүүң керек. Үчүнчүдөн, сен өзүңдө көрбөгөн же болбосо көрүүнү каалабаган кемчиликтериңди андан көр, бир үлүштү да ага бер. Андан соң калган кичинекей бир үлүшүнө каршы касташыңды жеңе турган эң саламаттуу жана эң кыска жол болгон кечирим жана айкөлдүк менен мамиле кылсаң зулумдуктан жана зыяндан кутуласың. Болбосо, эс-учун жоготуп акмак болгон, айнек менен муздун сыныктарын алмаздын баасына сатып алган зергер Яхудий сыяктуу, бир тыйынга да арзыбаган өтүп кетүүчү, убактылуу жана маанисиз бу дүйнө иштери үчүн, дүйнөдө түбөлүктүү кала тургансып ач көздүк менен жана ар дайым кек сактоо менен тынымсыз душмандык кылсаң, ашыра айтканда абдан чоң мыкаачылык же болбосо келесоолук жана да акмакчылык болуп эсептелет…

Ошондуктан, эгер өзүңдү сүйсөң, адам баласынын жекече жашоо жагынан караганда да ушундай зыяндуу болгон душмандык менен өч алуу пикиринин жүрөгүңө кирүүсүнө жол бербе. Эгер жүрөгүңө кирген болсо анын сөзүн укпа. Карачы, акыйкатты көрө алган акын Хафиз Ширазинин айтканын ук: دُنْيَانَه مَتَاعِيسْتِى كِه اَرْزَدْ بَنِزَاعِى тактап айтканда: «Дүйнө — талашып тартышууга арзый турган баалуу нерсе эмес». Анткени: Убактылуу жана өтүп кетүүчү болгондуктан баалуу эмес. Опаасыз бу дүйнө ушундай болгон болсо, анда дүйнөнүн ичиндеги кичинекей иштери канчалык маанисиз экенин түшүнөсүң!.. Ал акын дагы мынтип айткан экен:

آسَايِشِ دُو گِيتِى تَفْسِيرِ اِينْ دُو حَرْفَسْتْ

بَادُوسِتَانْ مُرُوَّتْ بَادُشْمَنَانْ مُدَارَا

Тактап айтканда: «Эки дүйнөнүн ырахаты менен саламаттуулугун бул эки сүйлөм түшүндүрүп берет жана таптырат: Досторуңа айкөлдүүлүк менен Сүннөт боюнча байланышуу, ал эми душмандарыңа болсо келишим менен мамиле кылуу.»

Эгер: «Мен өзүмдү кармана албайм, табиятыман ачуулумун. Анын үстүнө жиниме тийип коюшту, кайра кайта албайм» – дечү болсоң :

Жообу: Жаман кулк-мүнөздөр иш жүзүндө жүзөгө ашырылбаса, гыйбат сыяктуу нерселер менен амал кылынбаса жана өз кемчиликтерин да түшүнсө, анда зыян бербейт. Ырас, сен өзүңдүн ачууңду баса албай кара ниетиңден кайта албай жатасың. Өзүңдүн кемчиликтериңди билип жана ошол мүнөзүңдүн туура эмес экенин түшүнүп жатканың – руханий бир өкүнүү, жашыруун бир тооба жана истигфар кылган сыяктуу болуп, сени анын зыяндарынан куткарат. Ансыз деле бул катыбыздын бул темасын ушундай руханий бир истигфарга түрткү болсун, акыйкатсыздыкты акыйкат деп билбесин жана туура иш кылып жаткан касташын туура эмес деп айтбасын деп жазып жатабыз.

Абдан көңүл бура турган бир окуя: Бир жолу, бул кара өзгөйлүк менен кылынган бир жакка гана тараптар болуунун коркунучтуу натыйжасын мындайча көрдүм: Диндар илимдүү бир адам өзүнүн саясий көз карашына каршы болгон таза-чынчыл бир аалымды каапыр даражасына чейин жеткире жамандады. Ал эми өзүнүн көз карашында болгон бир мунафыкты абдан урматтап мактады. Мынакей, саясаттын ушул жаман натыйжасынан үрөйүм учуп: «Аъуузу биллаахи минаш шайтоони вас-сиййасати» – дедим, ошондон бери саясий жашоодон алыстадым.

БЕШИНЧИ ЖАГЫ: Кежирдик менен бөлүнүп-жарылуунун коомдук жашоого да абдан зыяндуу болгону баяндалат.

Эгерде: «Хадисте اِخْتِلاَفُ اُمَّتِى رَحْمَةٌ «Үммөтүмдүн пикир келишпөөсү – ырайым» деп айтылган экен. Пикир келишпөөчүлүк болсо бөлүнүп-жарылууга алып келет. Анын үстүнө бөлүнүп-жарылуу оорусу – кордолгон карапайым элди заалым ак сөөктөрдүн эзүүсүнөн куткарат. Анткени: Бир райондун же бир айылдын ак сөөктөрү биригип алышса, күнөөсүз карапайым калкты эзишет. Эгерде экинчи бир тарап бар болгон болсо, бир жерде кордолгон адам экинчи бир тарапка баш калкалап өзүн куткарып калат. Жада калса, пикир-көз караштардын ар түрдүү болушунан жана акылдын кайчы пикирлерди жартуусунан улам талаш-тартыш пайда болуп, акыйкат толугу менен ортого чыгат» – десең,

Жообу: Биринчи суроого мындай деп жооп беребиз: Хадисте айтылган пикир келишпөөчүлүк болсо, шариятта уруксат берилген пикир келишпөөчүлүк. Тагыраак айтканда: Ар бир мусулман өзүнүн карманган жолун оңдоп-түзөөгө жана жалпы журтчулукка жайылтууга аракет кылат. Башкалардын жолдорун бузуу жана жараксыз кылуу менен эмес, тескерисинче кемчиликтерин жоюуга жана оңолуусуна аракет кылат. Ал эми шариятта тыюу салынган пикир келишпөөчүлүк болсо, караөзгөйлүк жана душмандык менен бири-биринин бузулуп талкалануусуна аракет кылуу болуп саналат. Ошондуктан, ал Хадистин көз карашында кабыл кылынбайт. Анткени, бири-бири менен жоолашкандар эч качан оң тараптуу иш алып бара алышпайт.

Экинчи суроого мындай деп жооп беребиз: Бөлүнүп-жарылуу эгер акыйкат үчүн болсо, адилеттүү адамдарга баш калкалаар жай боло алат. Бирок, азыркыдай караөзгөйлүк менен, напси үчүн болгон тарапкерчилик болсо, адилетсиз адамдарга баш калкалаар жай болот жана аларга сүйөнүүчү түркүк болуп берет. Анткени, караөзгөйлүк менен бир тарапты колдогон бир адамга шайтан келип анын пикирине жардам берип ага тараптар болсо, ал адам ошол шайтанга мактоолорду айтат. Эгер каршылаш тарабына периште сыяктуу бир адам келсе, кудай сактасын, ага наалат айтып адилетсиздик кылат.

Үчүнчү суроого мындай деп жооп беребиз: Аллах үчүн жана акыйкат үчүн болгон пикир келишпестик болсо, максатта жана ишенимдин негиздеринде бирдей болуу менен бирге ага жетүү жолдорунда гана карама-каршылыкка түшүшөт. Акыйкаттын бардык булуң-бурчун айкындатып, Аллахка жана акыйкатка кызмат кылышат. Бирок, бир тараптын гана таламын талашуу менен жана караөзгөйлүк менен фараон сыяктуу текеберленген напси аммаренин пайдасы үчүн өзүмчүлдүк жана атак-даңк үчүн болгон пикир келишпөөчүлүктөн, «түпкүрдөгү кылдат акыйкаттар» эмес, тескерисинче «фитна оттору» чыгып жатат. Анткени: Максатта биримдик болуп турган кезде, мындайлардын пикирлеринин бүткүл Жер шарында дагы бириге турган жери жок болушу керек. Акыйкат наамына болбогондугу үчүн чектен чыгып кетет. Айыкпас жараларга айланып, бөлүнүп-жарылууларга себепчи болот. Ааламдын азыркы абалы буга күбө…

Корутунду : اَلْحُبُّ لِلّهِ ٭ وَالْبُغْضُ فِى اللّهِ ٭ وَالْحُكْمُ لِلّهِ « Аллах үчүн сүйүү. Аллах үчүн жек көрүү. Аллах үчүн өкүм берүү» сыяктуу улуу эрежелер менен амал кылынбаса эки жүздүүлүк менен бөлүнүп-жарылуу оорусу көбөйө берет. Ооба, َالْبُغْضُ فِى اللّهِ وَالْحُكْمُ لِلّهِ «Аллах үчүн жек көрүү. Аллах үчүн өкүм берүү» деп айтбаса жана ошол эрежелерди көзгө илбесе, адилеттүүлүк кылам деп жатып зулумдук кылып алат.

Үлгү ала турган бир окуя: Бир жолу согуш учурунда Имам Али (Р.А.) бир каапырды жерге жыгып, кылычын чыгарып өлтүрөөр кезде, ошол каапыр анын жүзүнө түкүрүп жиберет. Ал каапырды өлтүрбөй кое берет. Ал каапыр Али (Р.А.)га: «Мени эмне үчүн өлтүрбөдүң?» – деп сурайт. Али (Р.А.): «Сени Аллах үчүн өлтүрөйүн дегем. Бирок, сен мага түкүрүп жибердиң. Менин да ачуум келип кетти. Напсимдин ачуусу аралашып кеткени үчүн ыкласым жоголуп кетти. Ошондуктан сени өлтүргөн жокмун» – деп айтты. Каапыр болсо: «Мени тезирээк өлтүрсүн деп сенин ачууңду келтирдим эле. Эгерде чындап эле силердин диниңер ушунчалык таза жана ыкластуу болсо, анда ал дин акыйкат экен» – деп айтты.

Дагы бир көңүл буруучу окуя: Бир жолу бир сот, бир уурунун колун кесип жаткан кезде, ачууланып кесип жатканын байкап калган ал соттун адилеттүү башчысы аны кызматынан бошоткон. Анткени, шарият атына жана Аллахтын өкүмү деп кескен болсо, напсиси ага боор ачымак. Жүрөгү ачууланбастан, ырайым да кылбастан кесет эле. Демек, ошол өкүмдөн напсисине да кичинекей бир үлүш чыгарып алгандыгы үчүн адилеттүүлүк менен иш кыла алган эмес.

Коомдогу абдан өкүндүрүүчү бир жагдай жана мусулмандардын жүрөгүн ыйлата турган коомдук жашоодогу коркунучтуу бир оору:

«Сырткы душмандар пайда болгон кезде жана алар чабуул коюп жаткан учурунда ички өз ара душмандыкты унутуу жана таштоо» – деген коомдук принципти илгерки жапайы коомдор дагы баалап аткарып келишкен. Ал эми ушул Ислам жамаатына кызмат кылам дегендерге эмне болду? Анткени, бири-биринин аркасынан сокку уруп жаткан чексиз душмандар турса да, өз араларындагы кичинекей душмандыктарды унутпастан, душмандарынын чабуулуна ыңгайлап жер даярдап берип жатышат. Бул абал – төмөндүк жана жапайычылык. Мусулмандардын коомдук жашоосуна кыянатчылык болуп эсептелет.

Үлгү ала турган бир аңгеме: Байыркы көчмөн элдерден болгон Хасенен элинин бири-бирине айыгышкан душман болгон эки уруусу болгон экен. Эки тараптан тең элүүдөн ашык адам өлгөн болсо да, Сипкан же болбосо Хайдеран сыяктуу башка элдер кол салган убакта ошол эки уруу эски душмандыктарын унутушуп, бири-бирине ийин тирешип, ошол сырткы душмандарды жок кылмайынча ички душмандыктарын ойлоруна да алышкан эмес.

МЫНА, ЭЙ ЫЙМАНДУУЛАР!… Ыймандууларга каршы кол салып жаткан канчалаган душмандар бар экенин билесиңерби? Бири-биринин ичиндеги айланалар сыяктуу жүздөн да көп душмандар бар. Алардын ар бирисине каршы туруу үчүн, бири-бирине жөлөк болууга жана кол беришип элдешүүгө мажбур болуп туруп, алардын чабуулун жеңилдетүү жана мусулмандардын ичине (Харими Исламга) кирип алуулары үчүн эшик ачып берүү болуп эсептелген караөзгөйлүк менен бөлүнүп-жарылуу жана душмандык менен кылынган кежирлик ыймандууларга жарашабы? Ал душмандар – адашкандар менен динсиздерден баштап тээ каапырлар дүйнөсүнө, тээ дүйнөнүн коркунучтары менен балээлерине чейин бири-биринин ичинде силерге каршы зыян келтирүүчү жагдайларды ээлеп алган жана бири-биринин аркасынан силерге ачуулу карап, көрө албаган, балким жетимиш түрдүү душмандар бар. Булардын баарына каршы күчтүү куралың, коргонуң жана сепилиң: Ислам боордоштугу. Исламдын бул сепилин кичинекей душмандыктар менен жана шылтоолор менен уратуу канчалык абийирге каршы жана Исламдык иш-аркеттерге да терс экенин бил жана эсиңе кел!…

Улуу хадистерде: «Акыр заманда мунафыктар менен динсиздердин башында турган Суфян жана Дажжал сыяктуу зыяндуу, коркунучтуу адамдар, мусулмандар менен адамзаттын ач көздүк менен бөлүнүп-жарылууларынан пайдаланып, аз бир күч-кубаты менен бүткүл адамзаттын башын айландырышып, улуу Ислам ааламын туткунга алышат» – деп айтылат.

ЭЙ ЫЙМАНДУУЛАР! Кордук ичинде туткун болууну каалабасаңар акылыңарга келгиле. Бөлүнүп-жарылуудан пайдаланып жаткан заалымдарга каршы اِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ اِخْوَةٌ «Албетте, бардык момундар бир туугандар» ( Куран 49:10) деген ыйык коргондун ичине кирип коргонгула! Болбосо жашооңорду да, укугуңарды да коргой албай каласыңар. Эки балбан бири-бири менен муунтушуп жаткан кезде, кичинекей бир бала экөөнү тең сабап кете алат. Бир таразада эки тоо тең салмакта болуп турса, кичинекей бир таш тең салмактуулукту бузуп, бирин жогору көтөрүп, бирин төмөн түшүрүп алар менен «ойной» алат, бирин жогору көтөрүп, бирин төмөн түшүрөөрү маалым. Ошондуктан, эй ыймандуулар! Ач көздүк менен душмандашып бөлүнүп-жарылууңардын айынан күч-кубатыңар кетип, аз бир күч-кубат менен эзилип каласыңар. Эгер коомдук жашоого кайдыгер карабасаңар: اَلْمُؤْمِنُ لِلْمُؤْمِنِ كَالْبُنْيَانِ الْمَرْصُوصِ يَشُدُّ بَعْضُهُ بَعْضًا «Момундун момунга болгон байланышы – бири-бирине бекем кыналышкан имараттын кирпичтери сыяктуу» – деген улуу эрежени жашооңордун эрежеси кылып алгыла, ошондо гана бу дүйнөлүк кордуктан жана акыреттик азаптан кутуласыңар!…