Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Нике

Никеге чейинки мамиле

Никеге чейин үйлөнө турган эки тарап бири-бирин көрүшү керек. Адам жок жерде болбоо шарты менен баарлашып, сүйлөшсө болот. Бул учурда али нике болбогондуктан бири-биринин аврат эсептелген жерлерин көрүүгө шариятта уруксат берилбейт. Маселен, жолугуу учурунда кыздын жоолуксуз болушу, бала тизесинен өйдө кыска шым (шорта) кийип алышы сыяктуу.

ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ

Ислам дини адамдын маанилүү табигый муктаждыгы деп билген жыныстык катнаш маселесинде да «адал-арам» деген чен-өлчөмүн койгон.

Исламда ажырашуу өкүмдөрү

Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (с.а.в) өзүнүн куттуу бир хадисинде мындай деп буйруган: “Аялыңарды Алланын атына кепилдик берип (жубайлыкка) алдыңар (демек) алардын укуктарын тебелеп- тепсебегиле.” Жубайлардын баш кошуусу Алланын аты менен болгондуктан үй- бүлө кадыресе көрүнүш катары каралбастан, ыйык жана куттуу бир коломто катары каралган. Ырас, ажырашуу бул жакшы иш эмес.

Башка диндерде үй бүлө куруу

Үйлөнүү жана үй бүлө куруу ар бир динде ыйык. Кайсыл гана дин болбосун негизинде Кудай эң алгачкы жолу Адам ата менен Обо энени жараткандыгы айтылат. Кудайдын Адам ата менен Обо энени жаратуудагы негизги максаты ал экөөнүн үйлөнүп көбөйүшүнө шарт түзүү болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир диндин өкүлү үйлөнүү учурунда ибадатканага келип алгачкы жолу диний никени окутушат. Андан соң мамлекеттик мыйзамга ылайык расмий никени окутушат.

Зина ( никесиз жашоо ).

Зинага жолобогула! Себеби, ал адепсиздик жана эң жаман жол. Исра 32-аят. Урматтуу момун-мусулмандар! Шариятта балакат жашына жеткен жана акыл ээси соо аял менен эркектин никесиз жыныстык катнашта болуусу зина деп аталат. Зина ислам дининде катуу тыюу салынган чоң күнөөлөрдүн бири. Тактап айтканда ислам дининде никенин тышындагы бардык жыныстык катнаштар зина болуп эсептелет. Алла Таала « Зинага жолобогула » деген сөз менен адамдарга мынабу эскертүүлөрдү билдирет.

Нафака

Үй- бүлөнүн нафакасы (үй бүлөнү материалдык жактан, б.а. турак – жай, кийим- кече жана тамак –аш менен камсыздоо) эркектин мойнундагы милдеттеринин бири. Башкача айтканда, нафака- бул эркектерге ваажиб.
Динибиз нафакага абдан чоң маани берген. Себеби адилеттүү түрдө берилген нафака бактылуу үй бүлөнүн курулушуна өбөлгө, нафака аркылуу үй- бүлөдөгү эне баш болгон жаш балдар материалдык жактан камсыз болушат.

Махр

Махрдын пайда болуу себептери жана мааниси. Махр адам баласынын үй-бүлө куруусундагы эзелтен сакталып келе жаткан салт. Махр же калың деген эркек аял алаарда убада кылып бере турган акы. Коомтаануучулар калыңдын таржымалын изилдөөдө адам тарыхын төрт доорго бөлүп карашкан:
Биринчи доор: Эне башкарган заман, бул доордо эркектер бир тууган карындаштары менен үйлөнүүгө уруксат болбогондуктан башка урууларга барып аялдарга кызмат өтөшчү жана аялдар аларга үстөмдүк кылчу.

Жубай тандоодо көңүл бурула турган жагдайлар..

Үй-бүлө курууну максат кылган адамдын оюна алгач келген нерсе, өз сезим жана көз карашына ылайыктуу жубай издөө. Азыркы учурда көптөгөн жаштар бул өтө маанилүү негизге сезимдери менен гана мамиле кылышып, көчөдө, базарда таанышкан адамы менен дароо үй-бүлө курууга шашылышат. “Кандай кылса болот, кандай кылса болбойт, үй-бүлө куруу деген эмне?..” деген сыяктуу түшүнүктөргө кайдыгер калтырылуу менен курулган үй-бүлөлүк башка балээ алып келе тургандыгы анык.

Нике

قال الرّسول (ص) النّكاح سنّتى فمن رغب علىه ليس منّي Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) буйруган: Нике менин сүннөтүм, ким андан жүзүн кайрыса, анда ал менин үмөтүмдөн эмес.

Подписка на RSS - Нике