Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Намаз

ПАЙГАМБАР (с.а.в ): НАМАЗ- КӨЗҮМДҮН КАРЕГИ

Намаз – көздүн нуру, жүрөктүн шыпаасы, дененин ыракаты, жашоонун деми,бактылуулуктун жолу. Намаз- ийгиликтин булагы, жашоонун чырагы,бейиштин ачкычы, кабырдын нуру, тозоктун калканы.
Эң негизгиси, Алланын буйругу! Намаз аркылуу гана Аллах менен мамилебизди жакшырта алабыз! Ар бир адамдын акыркы деминде жакын адамдарына айта турган осуяты болот. Адам өлүм төшөгүндө жатканда, эң зарыл,эн көйгөйлүү сөзүн айтып калат. Ал эми Пайгамбарыбыз (ﷺ) өлүм алдында ушул сөздү бизге көп айтып жатып жан берген эле:
"Намаз! Намаз! Намазынарга бекем болгула!

Дин тиреги -Намаз

Адам алейхиссаламдын заманынан бери ар бир динде бир маал намаз бар болчу. Бардыгы чогултулуп, Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө фарз кылынды. Намаз окуу ыймандын шарты эмес, бирок, намаздын фарз экенине ынануу ыймандын шарты.

Намаз - диндин тиреги. Намазын үзгүлтүксүз, так жана толук окуган адам динин, Ислам имаратын түптөн тургузган болот, ал эми намаз окубаган адам Ислам имаратын, динин кулаткан болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Динибиздин башы – намаз». Башсыз адам болбогон сыяктуу эле, намазсыз да дин болбойт.

Намазда окуулучу кыска сүрөлөр.(2)

Ихлас сүрөсү.

بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ

Бисмилляхи-р-Рахмани-р-Рахим
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

قُلۡ هُوَ اللّٰہُ اَحَدٌ
1. Кул хува Аллах ху ахад
1. Айткын2: Аллах Жалгыз!

اَللّٰہُ الصَّمَدُ
2. Аллах ху с-самад
2. Аллах эч кимге муктаж эмес!

لَمۡ یَلِدۡۙ وَ لَمۡ یُوۡلَدۡ
3. Лам ялид ва лам юлад
3. (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн!

وَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہٗ کُفُوًا اَحَدٌ
4. Ва лам якун лаху куфуван ахад
4. Ага эч ким теңдеш эмес!

Намазда окуулучу кыска сүрөлөр. (1)

Фатиха сүрөсү 1:1 بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمـَنِ الرَّحِيم
Бисмилляhи-р-Рахмани-р-Рахим
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1:2 الْحَمْدُ للّهِ رَبِّ الْعَالَمِين
Альхамду лилляяхи раббиль 'аалямиин.
Ааламдардын эгеси болгон Аллага2 мактоо!
1:3 الرَّحْمـنِ الرَّحِيم
Аррахмани ррахиим.
Ал Мээримдүү, Ырайымдуу3.
1:4 مَـالِكِ يَوْمِ الدِّين
Мяялики яумиддиин.
Кыямат Күндүн падышасы4.
1:5 إِيَّاك نَعْبُدُ وإِيَّاكَ نَسْتَعِين
Ийякя на`буду ва ийякя наста'иин

Ажылыктын пайда-сооптору жана маңызы.

Хаж ибадатынын жеке адамга жана коомго карата пайдалары өтө көп. Анын негизгилерин айта турган болсок:Хаж кылуу аркылуу жеке адам күнөөлөрүнөн арылып, жан дүйнөсү тазарууга жетишет. Пайгамбарыбыз (САВ) өзүнүн бир хадисинде мындай дейт: «Кимде ким Алланын ыраазычылыгы үчүн хаж кылып, адепсиз сөз-аракеттерден сактанса жана жамандыкка жолобосо, энесинен төрөлгөн күндөгүдөй күнөөлөрдөн тазарып кайтат».

Намаз тууралу аяттар

Ниса/103. «Намазды бүтүргөндөн кийин да туруп, отуруп жана жатканда (дайыма) Алланы эстегиле. Бейкуттукка жеткенде да намазды туптуура окугула, анткени намаз – момундарга убактылары белгилүү бир парз.»

Ажылык

Ажылык деген эмне?Ажылыктын сөздүк мааниси-улуу нерсеге карай аттануу.Шарият боюнча ажылык бул-Кааба жана анын айланасындагы куттуу деп эсептелген белгилүү жерлерге белгиленген учурда барып, усул-эрежелерине ылайык зарыл ибадаттарды аткаруу болуп эсептелет. Ажылык учурунда аткарыла турган ажылыкка байланыштуу ибадаттар "манаасик” деп аталат.
Ислам динибиздин негизги беш парзынын бирөө болуп саналган ажылык ибадаты хижранын 9-жылы парз болгон. Ажылыктын парздыгы Курани Карим жана хадистер аркылуу айкын белгиленген.

Курани Каримде Алла Таала мындай деп белгилеген:

Азан

Элибиз эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн баштап, дин эркиндигине ээ болуп Ислам динибизди тереӊдеп үйрөнүүгө көптөгөн мүмкүнчүүктөр пайда болду. Аллах Тааланын ыйык үйү болгон мечиттер динибизди үйрөнүүнүн эӊ башында турат. Мына ошол мечиттерден ибадаттарыбызды аткарып, куран окуп, диний сабактарды угуп ар жума эл чогула жума намазын окуп, эли-журттун тынчтыгы үчүн дуба кылып Аллах Таалага жалбарып келебиз.

ИСЛАМДЫК ЖООПКЕРЧИЛИК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жоопкер адам Ислам укуктук илиминде «Мукаллаф» деген термин менен белгиленип келген. Ал, Алла Тааланын буйруктарын аткарууга жана тыюу салган нерселеринен оолак болууга милдеттүү адамды көрсөтөт. Исламдык жоопкерчиликтин атайын шарттары бар.

Намаздын фарздары

Намаз окуу акыл-эси толгон жана балагатка кирген ар бир эркек жана аял мусулман үчүн фарз. Намаздын фарз болушу үчүн үч шарт зарыл:

1- Мусулман болуу.

2- Акыл-эси ордунда болуу.

3- Балагатка жетүү.

Страницы

Подписка на RSS - Намаз