Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Ислам жана үйбүлө

Балдарыбызга сүйүүбүздү кантип билдирсек болот?

— Сүйүүмдү кантип туура билдирсем болот?— Адамдар сүйүүсүн ар кандай стилде билдирет. Кимдир бирөөнүн үй-бүлөсү түбөлүк болуп, айрымдардын турмушу бир нече айдан соң бузулуп калганынын себеби да ушунда. Анткени үй-бүлөсүн узак сактаган түгөйлөр бири-бири менен сүйүүнүн тилинде сүйлөшкөндү билишет. Сиз да сүйүктүүңүз менен туура тилди тандап алыңыз. Алсак, сүйүүнүн бир нече тили бар. Алардын жардамы менен үй-бүлөдөгү мамиле узакка сакталат. Жада калса бузулуу жолуна түшкөн нике да калыбына келиши мүмкүн. Башкысы сиз жактырган адам сүйүүнүн кайсыл тилин түшүнөөрүн тактап алыңыз.

Тарбиялоодогу жоопкерчилик

Азирети Пайгамбарыбызга (САВ) каза болоорунан бир аз мурда Анын өзүнө сездирилген. Ошондо Алла Элчиси (САВ) сахабаларга, “Кул бул дүйнө менен акыреттин бирин тандоого ыктыярдуу болду жана Ал акыретти тандап алды” – деп айтканда, мунун маанисин дароо түшүнгөн Азирети Абу Бакр (РА): “Эй, Алланын Элчиси, энем, атам сен үчүн садага чабылсын!” [35] – деп ыйлаган эле. Ооба, ал кулдун Пайгамбар (САВ) экендигин дароо түшүнгөн болчу.

Ата деген ким?

Мына ушул суроо менен мугалим студенттерге кайрылды. Эмне деген жооптор айтылбады дейсиң? Бири күнгө, бир асманга, дагы бири жерге теңеди, айтор аталардын кадыр-баркы ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, тим эле бул жактагынын баары азыр эле ата боло калууну самап калышты. Бирок акыркы студенттин жообу башкача өңүттө уланып, аудиториянын маанайын түп тамырынан өзгөрттү. Жылмайган жүздөр сумсайды, күлкүлөр ыйга айланды. Кыз, бала дебей, баары муюп, кулак төшөп, бири көз жашын көрсөтпөй сүртсө, бири ачык эле бышактап...

Ата-энеге дуба кылуунун пайдасы

Күндөрдүн биринде Азирети Алиге бир киши келип: Эмнегедир ырыскым тарып баратат, - деп арызданат. Анын себебин билгиси келген Азирети Али тиги кишиден: Мүмкүн сен өзүңө тиешелүү болбогон калем менен жазып жаткан чыгарсың? - деп сурайт. Тиги киши: Жок, мен өзүмдүн эле калемим менемн жазам, - дейт. Азирети Али: Анда сен сынык тарак менен чачыңды тарап жүрбө? - деп сурайт. Тиги дагы: Жок, - деп жооп берет. Азирети Али: Андай болсо сен өзүңдөн жашы улуу адамдардын алдында басат окшойсуң? - дейт. Тиги: Жок, мындай кылбайм, - дейт.

Оюнга көз карандылык: ал эмне?

Убакыттын өтүшү менен, адамзаттын жашоосунда көптөгөн нерселер өзгөрүп жатат. Кээ бири жакшы жагына өнүксө, башкасы — тескери жакка. Күн сайын оожалып баратканы, адамдын терс сапаттарынын бири болгон кумарпоздук.

Бул фактыны компьютердик оюндардын мисалында карамакчыбыз. Чындыгында, ал «атышуубу», «кыдыруубу», «онлайнбы» же башкасыбы айырмасы деле жок.

“Ислам дини аялга өзгөчөлүктү берген”

Эркектер эмес, аялдар деген сүрөө бар .Ислам дининде аял затынын орду өтө бийик. Мисалы, Куранда эркектер деген сүрөө жок. Аялдарга арналган сүрөө бар. Аял заты бул коомдун келечеги. Биз канчалык энелерибизди, аялдарыбызды урматтап, сыйласак, демек, бул коомдун келечеги болот. Бир кызбы, же эки-үч кыз болобу динде жакшы тарбия берсе ал ат-эне бейишке чыгат. Бул жерде кыз балага өзгөчөлүктү берген ислам дини болуп жатат.

“КЭЭ БИР КҮНӨӨЛӨР БАЛДАРГА БЕРГЕН ТАРБИЯНЫН СЕБЕБИНЕН КЕЧИРИЛЕТ”

Ата-эненин балага берген эң жакшы белеги — аларга туура тарбия берүү. Бала тарбиялоо эң баалуу жана эң сооптуу кесип. Ошол кесипти аркалоодо ата-эне көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп, балдарына туура тарбия берүү үчүн түнү-күнү жан үрөп аракет кылышат. Ислам аалымдарынын бири айтат: Алла Таала ата-энелердин кээ бир күнөөлөрүн балдары үчүн тарткан түйшүктөрүнүн себебинен кечирет. Эгерде балдарыңыз бакыртып, кейитип, кыйнап сизди чарчатып жаткан болсо, ага такыр кейибеңиз.

Бала төрөлөөрдөн мурда аткарыла турган иштер

Адал тамак: Ата-эненин милдеттеринин бири өз ырыскыларына көңүл бургандай эле балдарына дагы адал ырыскы жедирүүлөрү керек. Мусулман адам үй-бүлө мүчөлөрүнө арам же шектүү нерсе жедирүүсү ыктымал болсо, ал адамдын үйлөнүшү арам же макрух боло тургандыгын эскерткен элек. Ооба, эч кимдин башка бирөөгө арам жедирүүгө акысы жок.

Үй-бүлө адам баласынын алгачкы мектеби

Ар бир адамдын жашоосунда маанилүү үч окуя бар:

1) Өзү ыйлап жатканда жанындагыларын кубандыруу менен жарык дүйнөгө келүүсү;

2) Тегерегиндегилер ыйлап жатканда, өзү ыймандуу болсо, жалган дүйнөдөн чыныгы жашоого көчүү кубанычы менен келген өлүм;

3) Өзү менен бирге тегерегиндегилерди сүйүндүргөн үйлөнүү тою.

Аял менен эркектин мамилеси кандай болуш керек?

Аял ызат-урматка ылайыктуу жаралган асыл зат. Аны баалабастык бул наадандак. Акылдуу, ар намыстуу аялдар эркектин кубанычына, кайгысына дайыма шериктеш болуп келген. Алар өз күйөөлөрүнүн таламдарын баарынан бийик коюу менен күйөөлөрүнүн дагы бийик урматтоосуна татыктуу болушкан.

Страницы

Подписка на RSS - Ислам жана үйбүлө