Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Пайгамбарлар тарыхы

Мухаммед пайгамбардын мусулмандар үчүн мааниси жана үлгүлүүлүгү.

Алла Таала Мухаммед пайгамбардын мусулмандар үчүн маанисин «Эй Пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, кубантуучу, эскертүүчү жана Алла тарапка Анын буйругу менен чакыруучу нурдуу чырак түрүндө жибердик» деген аяты менен ачык түрдө сөз кылган. Бул аят Мухаммед пайгамбардын кызматтарын; үлгү болуу, кубантуу, эскертүү, чакыруу, адамдын ички дүйнөсүнө жарык чачуу деп тизмелеген.

Мирачтын мааниси жана Мирач белектери

Мирач түндүн бир оокумунда Азырети Пайгамбардын Меккеден Иерусалимге ал жерден да көккө чыгуусу, андан кийин Алланын алдында кабыл алынуусу. Бул окуяга Кураанда түнкү саякат деген мааниде «исра», хадистерде да жогорулоо жана бийиктикке чыгарган каражат деген мааниде «мирач» деп аталган.

Пайгамбарга ыйман келтирүүнүн жеке инсан жана коомдук жашоо үчүн мааниси

Алла Таала адамды дүйнөлүк жашоосунда ээн эркин жана жалгыз калтырган эмес, элчиси катары пайгамбарларды жиберген, пайгамбарлар аркылуу китептерди жөнөтүп аларды туура жолго түшүрүүнү максаттаган. Адам акыл-эске ээ болгон жандык катары жаратылган. Көптөгөн жөндөмдүүлүктөрү бар. Бирок Аллаанын буйрук жана тыюу салууларын билүү, чындык жана туураны түшүнүү, Аллаага кантип ибадат кылына турганын үйрөнүү үчүн пайгамбарларга жана китептерге муктаждык бар. Алла Таала ар бир мезгилде адамдардын арасынан тандаган пайгамбарларды жөнөтүп бул муктаждыкты жойгон.

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) ЖОЛУККАН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЖАНА СЫНООЛОР

Аллахтын элчилери тарых бойу адамдарды Аллахтын бар жана жалгыз экендигине ыйман келтирүүгө чакырышкан, аларга сонун ахлакты түшүндүргөн, аларды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарышкан.

Коомдорун Аллахтын ыраазычылыгы, кечирими жана бейишине жетүүгө чакырган бул куттуу инсандар тарыхтын ар кайсы доорлорунда баш тартуучулардын сөз менен басым жасоолоруна жана кол салууларына кабылышкан.

Бирок, Пайгамбарлар чындыктан баш тартуучулардын мындай басым жана кол салууларына эч качан алдырышкан эмес, бүт жашоолору боюнча оор жана сыймыктуу күрөшүн жүргүзүшкөн.

Азирети Адамдан азирети Мухаммедге

Алла таала адамдарды өз алдынча таштап койгон жок, аларга пайгамбарларды жөнөттү. Алсак, азирети Адам, өзү жер жүзүнө түшүрүлгөн алгачкы адам жана ошону менен бирге эле алгач-
кы пайгамбар да болуп саналат.пайгамбар да болуп саналат. Ал – бардык адамдардын атасы
Бардык адамдар азирети Адамдын тукумунан келген. Бардыгыбыз азирети Адамдын балдарыбыз. Ушул себептен адамдарга жалпы жонунан адам баласы деп да айтылат. Азирети Адамдан

Муса пайгамбар (а.с)

Жакып пайгамбардын тукумунан болгондорго Израил уулдары делет. Алар азирети Жусуптан кийин Мисирге отурукташышат жана жыл өткөн сайын саны артып көбөйө беришет. Мисирди башкарган фараон Израил уулдарына адилетсиздик көрсөтүп, аларга алдыңкы таптын өкүлдөрү сыяктуу мамиле кылчу. Фараон бир күнү түшүндө кандайдыр бир от келип, отурган тагын жер менен бир кылып күлгө айлантканын көрөт. Бул жаман түштү фараондун айланасындагылар Израил уулдарынан төрөлө турган бир эркек бала келип, аны тагынан түшүрөт деп жорушат.

Жусуп пайгамбар

Жакып пайгамбар азирети Ибрагимдин небереси болгон жана ал Кенан өлкөсүнө жиберилген пайгамбар эле. Жакып пайгам- бардын он эки уулу болгон. Жусуп он биринчи уулу болгон, ал эми эң кичүү уулу Бүнямин эле. Жусуп абдан сүйкүмдүү бир бала болгон. Эл ичинде ал өңдөнгөн өзгөчө сүйкүмдүү балдар аз болгон. Жусуп али ки- чине кезинде эле энесинен ажырап калгандыктан атасы Жакып ага дагы көбүрөөк көңүл буруп убакыт бөлгөн. Жусуп өзү да абдан жанга жакын бала болгондуктан элдин баары аны жакшы көрүшчү. Ал эми анын өгөй бир туугандары атасынын Жусупка көбүрөөк көңүл бурганын кызганышар эле.

Атаганат, колдогу байлыктын баркын сезе билсек...

Бааланбаса колдогу алтындын да баркы кетет.Ал колдон чыккандан кийин киши баласын бушайман кылаары бышык.Ээлик кылган эсеп жеткис байлык- ырыскыларды аңдап,ошол байлыктарды ыроологон Улуу Алланы эстеп, Ага шүгүр келтирип, анын баарын аманат катары кабылдап, татыктуу сактоо мусулман баласынын милдети. Асыресе тартууланган нематтар сыноо үчүн берилгенин да эстен чыгарбоо абзел.

Ибрахим жана Исмаил (алейхис-салам)

Залим Намруттун алоолонто жаккан отун ак дилден берилүү менен гүлзарга айландырган ИБРАХИМ (алейхиссалам) жана Ыкласмандыгы, тобокелчилиги жана моюн сунгандыгы менен дастанга айланган ИСМАИЛ (алейхиссалам)
Куран-и Каримде баян этилген пайгамбарлардын катарына кирген Азирети Исмаилге (алейхиссалам) «Алла Тааланын курмандыгы»маанисинде «Забиюллах» деген лакап ыйгарылган. Исмаил деген сөз, Алла Таалага моюн сунуучу деген маанини билдирет. Ибрит тилинде Исмуел, арап тилинде Исмаил деп айтылат.

Азирети Нух

Топон суу

Нух пайгамбар жана момундар катуу капсалаңга туруштук берала турган үч кабат кемени эки же төрт жылдын аралыгында катуу жыгачтан жасап бүтүрүшөт.

Ибн Аббастын баяндамасына караганда, кемеге түшө турган сексен момун мусулман бар эле. Алар кемеге ар бир жаныбардан бирден жуп салышат. Даярдык толук бүткөн соң пайгамбарга буйрук келет.

Страницы

Подписка на RSS - Пайгамбарлар тарыхы