Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Улуу инсандар

ИСЛАМ ДИНИН КАБЫЛ АЛГАН ИНСАНДАР

Доктор Ж. Миллер Канада боюнча христиан динин жаюуда эң белгилүү болгон доктор Ж. Миллер ислам динин кабыл алып, Канадада эң чоң ислам жаюучулар катарына кирген. Ал убагында, бир гана эң активдүү христиан миссионери болбостон, Инжил китебин эң жакшы билүү менен да башкалардан айырмаланып турган.

Азирети Аятолла Хаменеинин батыш жаштарына жолдогон каты

Азирети Аятолла Хаменеи батыш өлкөлөрүнүн бардык жаштарына Францияда болгон террористик окуя тууралуу бирге ой жүгүртүүнү сунуштады жана терроризмдин ачуу натыйжалары менен Израиль өкмөтүнүн террордугу да Ислам дүйнөсүндөгү айрым бийлик күчтөрүнүн колдоосу менен болгонуна ишаара кылды. Азирети жаштарга кайрылып: “Мен силер жаштардан суранаарым, акыркы жагымсыз окуяларга туура көз караш менен ой жүгүртүп, Ислам дүйнөсүнө татыктуу жана адилеттүү мамиле менен карагыла” – деди.
Бисмиллахи ррахмаани ррахийм
Батыш өлкөлөрүнүн бардык жаштарына кайрылуу:

Ойго салган расизм

Мухаммад Али: “Ислам мени акыйкаты менен тартып алды”.Мен жөн гана мушкер эмес, ар качан изденүү менен жүрчүмүн. Жаңы бир нерсени үйрөнгүм келет. Улуттардын өзгөчөлүктөрүнө да кызыгар элем. Чиркөөгө барганымдан тартып бул изденүүлөрүм күчөдү.
Апамдын жанын койбой:
- Эмнеге баары ак? Чиркөөдөгү Иса пайгамбардын сүрөтү дегенди карап, эмнеге Иса ак жуумал, көк көз, сары чач? Кудай эмне үчүн ак теридегилерди колдойт? Периштелер да аппак, икондогу Мария эже да аппак... Апа, биз өлгөндөн кийин бейишке барабызбы?-десем,
Апам:
-Албетте, барабыз,-дейт.

АЛИ ИБН АБУ ТАЛИБ (Алла андан ыраазы болсун)

АЛИ ИБН АБУ ТАЛИБ Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) аталаш агасынын уулу, күйөөбаласы . Атасы Абу Талиб, энеси Фатима бинти Асад, чоң атасы Абдулмутталиб болгон. Негизинен аты Абутуран (топрактын атасы деген маанини билдирет), лакап аты Хайдар, Амирул-Муминин наамы менен белгилүү болгон.

Азирети Хадижа (Алла ага ыраазы болсун)

Азирети Пайгамбарыбыздын жубайлары жалпы момун-мусулмандарга эне болуп эсептелет. Өз энебизге урмат-сый көрсөткөнүбүздөй эле, дүйнөдөн кайткан болсо да аларга, калтырып кеткен бийик адамгерчилигине урмат көрсөтүшүбүз керек. Өзүнө жараша алардын ар биринде артыкчылыгы, үлгү аларлык касиети бар. Алар дин Исламга тиешелүү бардык маалыматтарды Азирети Пайгамбарыбыздан үйрөнгөн, айрыкча Алла Элчисинин үй-бүлөлүк турмушундагы керектүү маалыматтардын баарын бизге анын жубайлары айтып кеткен.

Ислам ахлагынын толеранттуулугу, адилеттиги жана мээрими

Аз. Мухаммед (сав)дын көзү өткөн соң да Исламдын бийиктеши өтө ылдам уланды. Ислам бир канча он жыл ичинде бүт Месопотамияга, Түндүк Африкага жайылды. Батышта Испанияга, чыгышта болсо Индияга чейин жетти.
Бир канча он жыл мурда Аравия чөлдөрүндө мал-чарбачылык кылган араптар Ислам аларга берген бийик акыл, маданият жана аң-сезим менен улуу бир императорлуктун башчыларына айланышты. Бул тарыхта эч кездешпеген бир өсүү эле. 100 жыл ичинде Ислам Императорлугу өтө чоң аймакка жайылды жана өтө күчтүү бир башкарууну курду.

ИСЛАМ: ДҮЙНӨНҮ ЖАРЫК КЫЛГАН НУР

Ислам дини мындан14 кылым мурда Арабистан жарымаралында келип чыкты.Аллахтын Аз.Мухаммед (сав)га Куранды вахий кылышы жана адамдарга Ислам ахлагын билдириши менен зомбулук, варварлык жана караңгылык ичиндеги арап коому тынчтык, акыл жана маданиятты үйрөндү.

Жакшылыгыңды эл эмес, жараткан Алла билсин!

Бул окуя Ислам тарыхынын алгачкы жылдарында Ислам динибиздин бешиги саналган Медина шаарында болуп өткөн. Белгисиз бир берешен Мединанын кедей-кембагалдарынын босогосуна күн сайын түн бир оокумда бир каптан азык таштап кетип жүрөт. Бул жакшылык кыйлага дейре үзүлбөйт. Кудайдын бергени да деп артынан түшүп кайрымдын ээсин деле изилдешпейт. Демейдеги таңдын биринде жанакындай кайырым баарында бирдей токтойт. Башка жака таштап кеткендир деген ой менен үйдү тегеренип чыккандар да болот. Бирок эч нерсе табылбайт. Баары мунун себебин иликтегенге өтөт.

Азирети Аббас (Аллах ага ыраазы болсун).

Ажыларга суу ташып, ак кызматын өтөгөн ыкласман инсан Азирети Аббас (Аллах ага ыраазы болсун)

Ыйман казынасы

Курманжан датканын динге болгон мамилеси. Маматбай кызы Куманжан 1811-жылы Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Орке кыштагында «муңгуш» уруусунун «жапалак» уругунан чыккан Маматбай аттуу адамдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Төркүндөрүнүн урпактары азыр да ошол жерде жашашат. Мурунку жеринде Курман (Малам жыл сүрүүсү боюнча) айында төрөлгөн баланы же кызды Курман, Курманаалы, Курманжан, Курманбек, Курманбай деп ат койсо, ал узак өмүр сүрөт деген ишеним болгон.

Страницы

Подписка на RSS - Улуу инсандар

Календарь

Пн
Вт
Ср
Чт
Пт
Сб
Вс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 
January 2018
 

Ай календары

Рабиуль сани - Джумадиль Аваль 1439
Вс Пн Вт Ср Чт Пт Сб
13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14