Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Макалалар

Коррупция

МАМЛЕКЕТТИК МАЛ-МҮЛККӨ КОЛ САЛУУ Бүгүнкү күнү эң кеңири кулач жайган арам киреше жолдорунун бири дал ушул мамлекеттик мал-мүлккө мыйзамсыз ээ болуу. Жалпыга маалым болгондой, мамлекеттик кандайдыр бир кызматка отурган адамга ал жердеги малмүлк каражаттары аманат катары берилет. Кызматка отуруу менен ал жердеги элдин мал-мүлкүнө, казынасына кол салуу чоң күнөө болуп эсептелет. Мындай кызматтарда иштегендер баарыдан мурда мамлекеттик мал-мүлктү коргоо, аны мыйзамдуу жол менен сарптоо багытында өтө кылдат болуулары кажет. Аяттардын биринде төмөнкүчө буюрулат:

Кайырчылык кылуу

Куранда жана сүннөттө мусулман адамды адал эмгек кылууга үндөйт. Адал эмгек менен киреше табуу – өзүнчө бир ибадат. Ошону менен бирге мусулман адам жеке өзүнүн да, өз карамагындагы адамдардын да муктаждыктарын адал жол менен камсыздашы парз өкүмүндөгү иш болуп эсептелет. Ал эми иштөө мүмкүнчүлүгү боло туруп элден кайыр суроого шарият жол бербейт. Кайырчылык алты саны аман-соо иштөө мүмкүндүгү бар адам үчүн ар-намыска доо кетирген, адамдык кадырды түшүргөн, адамды жалкоолукка түрткөн жат иш. Пайгамбарыбыз төмөнкү үч топко кирген адамдардын кайыр сурашын адал деп эсептеген:

Хижап кийүү караңгылыкпы?

Хижап кийүү – бул Аллах Тааланын буюрган парзы. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, кайтарган нерселеринен тыйылса, Анын ыраазылыгына жетээрине шек-күмөн жок. Ал эми, ким Анынын ыраазылыгына жетсе, ал пенденин Аллахтын рахматы менен сыпаттап бере алгыс неъматтары бар бейишке киришинде шек-күмөн жок.

Тилекке каршы, азыркы заманда эже-карындаштарыбыз Аллах буюргандай, шарият көргөзгөндөй кийинип жүрүшсө, Ислам дининен кабары жок (өздөрүн цивилизациялуубуз деп эсептеген) кээ бир адамдар аларды караңгылык, жапайылык ж.б.у.с. жаман сыпаттар менен айыптоодо.

Мекенди сүйүү ыймандан

Мекен – бул ар бир адамдын туулуп-өскөн жери жана жашаган турагы. Окуган мектеп университеттерибиз, иштеп жаткан мекеме-ишканалырыбыз, кыскасы, бардык нерселерибиз ушул туулуп-өскөн топурактын үстүнө курулган.

Ибадат - мусулмандын бардык жашоосун өз ичине камтыйт

Ибадат Куран менен Сүннөткө келип токтолот, андан чыкпайт. Куран менен Сүннөттө эмне ибадат болуп саналса, ошол ибадат болот. Ал эми эмне ибадат болуп саналбаса анын эч качан ибадат болуусу мүмкүн эмес.

Мына ошондуктан кандай гана пенде болбосун Куран менен Сүннөттө болбогон "ибадат" менен Алла Таалага сыйынуусу туура эмес. Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде - ким, биздин динибизде болбогон бир амалды кылса, ал (өз ээсине) кайтарылат».

ИБАДАТТЫН НЕГИЗДЕРИ

Көрө албастык

Көрө албастык - бул башкаларга берилген неъматтын (жакшылыктын) жок болуусун каалоо. Ал мусулман адамга ылайык келбеген жаман сапаттардан болуп саналат.

“Жихадчы келиндердин” сырдуу дүйнөсү..

Батыштагы кыздар эмне үчүн Сирия жана Ирактагы согушка же “жихадка” тартылууда? “Жихадчы келиндер” британиялык The Guardian гезитине өздөрүнүн сырдуу дүйнөлөрү тууралуу айтып беришкен. Алардын бири, “ИШИМ” террордук уюмуна кошулуп, “жашоомдогу эң маанилүү тажрыйбаларды” ошол жактан үйрөндүм десе, дагы бири “жихадчы” жолдошум шейит болуп, бейишке кирсе, мен аны бейиштеги периштелерге тарттырып жиберемби деп корком”-деген жообун айткан. Жаш өспүрүмдөрдүн мындай тузакка илинүүсүнө эмне себеп болуп жатканы тууралуу төмөндө окуй аласыздар:

Кумар ойноо

Ислам дининдеги чоң күнөөлөрдүн бири – кумар ойноо. Исламда адал киреше табуу жолдору белгилүү. Мусулман адам өз маңдай тери менен иштеп, эмгек кылып акча табат. Ислам шанска таянган (лотерея сыяктуу) ойундарды арам кылган. Ошондуктан ислам аалымдары мындай ойундардын баары кумарга кирерин баса белгилешкен. Бүгүнкү күнү кеңири кулач жайган лотерея, оюн автоматтары, «картошка» оюндарынын баары кумарга кирет. Мындан сырткары ат жарыш, биллярд сыяктуу спорт түрлөрүнө карата шанс оюндары (маселен, эки адамдын ортосундагы мелдешүү же ставка коюшуу) да кумарга кирип, арам болуп эсептелет.

Чынчылдык

Чынчылдык негизинен туура жолдо жүрүү, калп айтпоо, уурулук кылбоо, адилеттүүлүктөн тайбоо, убадага бек туруу сыяктуу сөздөр менен маанилеш.

Үй-бүлө адам баласынын алгачкы мектеби

Ар бир адамдын жашоосунда маанилүү үч окуя бар:

1) Өзү ыйлап жатканда жанындагыларын кубандыруу менен жарык дүйнөгө келүүсү;

2) Тегерегиндегилер ыйлап жатканда, өзү ыймандуу болсо, жалган дүйнөдөн чыныгы жашоого көчүү кубанычы менен келген өлүм;

3) Өзү менен бирге тегерегиндегилерди сүйүндүргөн үйлөнүү тою.

Страницы